Шашылыш кабар:

Европадагы эң ири он мечит (Фотобаян)

Апрель 5th, 2018 | by Орозгүл Арстанова
Европадагы эң ири он мечит (Фотобаян)
Майда бирок маанилүү
0

Европада учурда Ислам дини дин тутунгандар арасында экинчи орунга чыкты. Мисалы Албания, Косово, Босния жана Түркия сыяктуу өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө мусулмандар басымдуулук кылат. Бирок бул көрсөткүч Батыш Европада азыраак. 2010-жылда берилген маалыматтар боюнча Европа калкынын 44 миллиону мусулмандар.

Бүгүнкү күндө Европада миңдеген мечиттер жана намазканалар бар. Төмөндө Европадагы кооз мечиттердин тандалма сүрөттөрүн сиздерге сунуштайбыз.

Чыгыш Лондон мечити  (East London Mosque)

Бул мечит 1985-жылы салынган. Курулушуна 22,3 млн фунт стерлинг жумшалган. Мечит бир убакта жети миң адамдын намаз окуусуна ылайыкталган.

Рим мечити (Moschea di Roma)

Фото: Google photos

Рим мечити 1994-жылы курулган. Ага 40 млн евро сарпталган. Жалпы 12 миң адамдын ибадат кылуусуна шарт түзүлгөн. Бул мечит Европадагы (Орусияны кошпогондо) эң ири мечит болуп саналат.

 

Женева мечити (Geneva Mosque)

Фото: Wikipedia

1978-жылы курулган Женева мечити Петит-саксонез деген аталыш менен белгилүү. Бул Швейцариядагы эң ири мечит. Анын курулушуна Сауд Арабия каражат бөлгөн. Мечитке бир убакта 1500 адам батат.

Мадриддин борбордук мечити (Madrid Central Mosque)

Фото: Wikipedia

1988-жылы негизделген мечит Испания борборунун Тетуан районунда жайгашкан. Бул мечит Абу Бакр Сыддык деп аталат. Курулушу да өтө узакка созулган. Ал эми Ислам дини Испанияга киргенине 800 жыл болгондон кийин гана алгачкы ирет ачылган ибадат жайы болуп саналат.

Глазго борбордук мечити (Glasgow Central Mosque)

1983-жылы пайдаланууга берилген Шотландиянын борборундагы мечитке 2500 киши батат.

Суонси мечити (Swansea Mosque)

Фото: Flickr

Суонси мечити 500 кишиге ылайыкташкан. Бул мечит 1862-жылы курулган Олуя Андрю чиркөөсүнүн имаратында жайгашкан. 1980-жылдарга чейин чиркөө катары колдонулган имаратты шаар жетекчилиги мусулмандарга берген. Анткени Уэльсте мусулмандар жамаатынын саны өскөндүктөн алардын ибадаты үчүн чиркөөнүн имаратын беришкен.

Гданск мечити (Мечеть в Гданьске)

Фото: BeautifulMosque.com

1989-жылы салынган Гданск мечити Польшада иш алып барган беш мечиттин бири. Ал араб өлкөлөрдөн келген студенттер үчун бөлүнгөн каражаттан курулган. Мечитке акын Жамалиддин ал Афганинин ысымы ыйгарылган.

Марям ал Батул мечити (Mariam Al-Batool Mosque)

Фото: Wikimedia Commons

1982-жылы Мальта Республикасынын Паола шаарында курулган Марям ал Батул мечити  Коррадино деген ат  менен белгилүү. Бул мечиттин пайдубалына 1978-жылы Муаммар Каддафи капсула салган. Аталган имарат Мальтада расмий уруксат берилген жалгыз мечит.

Сеграт мечити (Moschea di Segrate)

Фото: Wikimedia Commons/TAMER ABURABAH

Бул мечит Италиянын Милан шаарына жакын жердеги Сегратта жайгашкан.

Дублин мечити (Dublin Mosque)

Фото: Wikimedia Commons

Дублин мечити Ирландия-Ислам фондунун офиси катары да колдонулат. Бул имаратта да адам келбей калган чиркөөнүн ордуна негизделген. Ирландиядагы мусулмандар 1990-жылдардагы мигранттардын эсебинен көбөйгөн. Бул өлкдө жалпы 63 миңдей мусулмандар жашайт.

Comments are closed.