Шашылыш кабар:

Кожошев: Коррупционерлердин кара тизмесин түзүш керек

Апрель 5th, 2018 | by Бакыт Төрөгелди уулу
Кожошев: Коррупционерлердин кара тизмесин түзүш керек
Күн Чабыт
0

Президент Сооронбай Жээнбеков 4-апрелде «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу документке кол койду.  Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 22-февралында кабыл алынган.

«Мыйзамдын максаты — мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү процесске катышкан кызмат адамдарынын арасында коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү жана атаандаштыкты камсыз кылуу» деп айтылат президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү тараткан кабарда. Биз ушул теманын тегерегинде мурдагы экономика министри Арзыбек Кожошев менен «Күн чабытта» маектештик.

Марал: Учурда мамлекеттик сатып алуулар электрондук портал аркылуу жүргүзүлүп жатат. Сиз «мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамдын аткаралышына кандай баа бересиз?

Арзыбек Кожошев: Негизи бул абдан туура мыйзам. Бирок башында мыйзам чийки даярдалып калган. Ошондуктан бул мыйзамга иш жүзүндө бир-эки жылда өзгөртүүлөр киргизилип турат. Документ азыркы учурда бардык сатып алууларга түз тиешеси бар. Себеби бардыгы тендер өткөрүүгө байланыштуу. Мыйзамдын негизги максаты ар бир тендерди ачык-айкын өткөзүү. Ошол эле учурда башкы критерий сатылып алынчу нерсенин сапаттуусун жана баасын төмөн сунуштаган компания утат.

Марал: Президент кол койгон мыйзамга ылайык саясий мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган адамдар, алардын жакындары канча акцияга ээлик кылганына карабастан тендерге катышкан ишкана аффилирленген жак болуп эсептелет экен. Бул аткаминерлердин жана алардын туугандарынын компаниялары тендерлерди утуп кетүүсүнө бөгөт коё алабы?

Арзыбек Кожошев: Тендер өткөрүү, мамлекеттик сатып алуу бул мамлекеттеги эң көйгөйлүү маселелердин бири. Себеби учурда бюджеттин 20 пайызы, башкача айтканда 20 млрд сомдон көп каражат тендерлерге тийиштүү каражаттар. Бул бюджеттин бирден беш бөлүгү тендерге кетет дегенди билдирет. А маселе эмнеде болуп жатат? Ошол эле кыргыздын азаматтары, аткаминерлер көпчүлүк учурда тендерди жакын адамдарына, туугандарына уттуруп (берип) коюуда. Демек тендерди өзүлөрү утуп, ишти өзүлөрү аткарып, акчаны өзүлөрү алып жатат. Президент кол койгон мыйзам түздөн-түз ушул коррупцияга каршы багытталган деп эсептейм.

Марал: Чиновниктердин тендерлерге кийлигишүүсүн токтотуу боюнча дагы кандай чараларды колдонсо болот?

Арзыбек Кожошев: Бүгүнкү күндө мамлекеттик кызматтын абийири абдан кетип калды да. Бул коррупциялык иштерге аралашкан чиновниктердин айынан ушундай болду. Эгер мындай факт катталса, чиновник коррупцияга аралашканы аныкталып жоопко тартылса аларды кара тизмеге киргизип, мамлекеттик кызматка албашыбыз керек. Бул сөзсүз керек. Бизде болсо кандай болуп жатат? Сотко барат деле акталат, кайра эле чоң кызматтарга отуруп калып жатат. Ошондуктан муну кылдаттык менен карап туруп, радикалдуу чараларды колдонбосо болбойт.

Марал: Буга чейин премьер-министр Сапар Исаков өкмөттүн тендерлерди өткөрүүдө биткоин колдонуу максаты бар экенин айткан. Бул канчалык реалдуу жана майнаптуу?

Арзыбек Кожошев: Биткоиндерди абдан кылдаттык менен карашыбыз керек. Биткоин эсеп жүргүзүүнүн жаңы ыкмасы болгону менен эч бир нерсе менен бекибейт. Мисалы мамлекеттик акча, ошол өлкөдөгү алтын менен бааланыш керек. Экинчиден бизде бул боюнча мыйзам жок. Кыргызстанга биткоиндерди алып алгандан кийин мыйзам жок болсо же иштөө механизмдери жок болсо эмне кылабыз? Албетте биткоин өнүккөн мамлекеттерде акырындан өз күчүн бекемдеп жатат. Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы да бул боюнча өз оюн айтты. Демек биткоин боюнча кылдаттык менен иш кылбаса болбойт.

Comments are closed.