Шашылыш кабар:

Балага «билгениңди кыл» деп, кайдыгер мамиле кылууга болбойт

Апрель 4th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Балага «билгениңди кыл» деп, кайдыгер мамиле кылууга болбойт
Психолог сааты
0

«Марал» радиосу ар жуманын шаршемби күнү саат 16:00 «Психолог сааты» уктуруусун обого чыгарат. Анда Кыргызстандагы абройлуу «SEAR Psychology» психологиялык борборунун адистери Нурзада Нурбаева менен Диля Пазылова угармандардын түйшөлткөн суроолоруна жооп берет. Төмөндө сиздерге бул чыгарылыштагы суроолорго карата психологдун кеңешин сунуштайбыз.

— Балам 2-класста окуйт. Анын ар бир кыймылына акча төлөп калдык. Бул кандай көрүнүш?

Z муунундагы ар бир балага өзүнчө көңүл буруу керек. Жаштайынан эсептешкен  бала “каалаган убакытта акча ала алам” деп чоңоёт. Максатына жетүүдө көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Акча берүүнү чектеп, жардам берүүгө үйрөтүш керек. Бир ишти жасатууда “муну аткарбасаң, мен сени жакшы көрбөй калам” десек, бала дароо сезет дагы ал да талаптарды коё баштайт. Бул ата-энелер билбий туруп колдонгон ыкма. Убада бергенден кийин аткарууга көнүшүбүз керек. Сөзүңүздө турбасаңыз сизди калпычы катары көрүп, балаңыз да жалган айтууга көнүп калат. Андыктан жасай албаган иштерге убада берүүдөн алыс болуңуз.

— Эки балам бар. Кызым инисин кызганып, кээде уруп коёт. Кандай ыкма колдонуп тарбиялай алам?

— Чоңдордо өзүнөн кичинелерге карата кызгануудан улам жек көрүү сезими пайда болот. Мындайда балдарга болгон сүйүүнү тендей билүү маанилүү. Балаңызга да, кызыңызды да жакшы көрөөрүңүздү айтыңыз. Болбосо улуулар өзүнөн кийин наристе келсе, ата-энеси жакшы көрбөй калганын ойлоп, психологиялык жактан жабыркап калышы мүмкүн. Кызыңызга балаңызга караганда көбүрөөк убакыт бөлүп, ага инисинин да апасы экениңизди тушүндүрүңүз. Наристелүү болоор алдында балдардарга үйгө дагы бир ымыркай келээрин, ал алардын иниси же кардашы болоорун айтып түшүндүрүш керек.

Балдарга убада берип аткара албай калганда эмне кылыш керек? Өспүрүмдүн жаш курагы маанилүүбү?

— Чоңоюп калган балдарга берген убаданы аткара албай калганыңыздын себептерин түшүндүрсөңүз болот. Мындан сырткары балаңыз менен кеңешиңиз, эми кандай кадамдарды жасайлы дегендей…Берилген сөз аткарылбай калса ишеним азаят. Ата-энелер баласына “билгенинди кыл” десе баладагы шыктануу жоголот. Кайдыгер мамиле балага терс таасирин тийгизет. Анткен ата-эненин бала 12 жашка толгонго чейинки колдоосу абдан маанилүү. Ал өспүрүмдөгү өз ишенидин калыптануусуна өбөлгө болот. Чоңдор бала болгон, балдар чоң болуп көрө элек. Ошондуктан улуулар кичинекейлерге түшүнүү менен мамиле кылсын. Жеткинчекти кылган катасы үчүн урушаардын мурда каерде жаңылыштык болгонун айткан оң. Болбосо ал ата-энеси өзүн жек көрүп себепсиз урушуп жатат деп кабыл алат.

— Балдарды кантип туура көзөмөлдөш керек?

Балам үчүн баарын жасайм деп, балдарды катуу көзөмөлдөө менен ашыкча тыюу салуулар терс натыйжасын берет. Кызыңызды такай көзөмөлдөсөңүз, айрым учурда калп айтып коюшу мүмкүн. Илимий жактан алып караганда түрдүү эрежелер менен баланы чектөө туура эмес экени далилденген. Көзөмөлгө көнгөн бала чоңойгондо чечкинсиз болуп калат. Кайсы ишти, кантип  баштоону билбей калат. Андыктан ата-энелер баланын ордуна көп чечим чыгаруудан алыс болгону оң. «Ал жасай албайт» деп балага иш жасоого мүмкүнчүлүк бербей, жумуштарды өздөрү жасап койгондор ата-энелер да бар. Ата-эне болуу үчүн эч ким билим албайт. Чоңдор билген  тажрыйбасы менен бөлүшөт. Бирок алардын коому башкача болгон болот. Азыркы өспүрүмдөр өзгөчө, алар техника менен билим алгандыктан жашоосу илгерки заманга салыштырмалуу айырмаланып турат. Балаңыздын досу эмес, ата-энеси болуңуз. Апалык насаат айтып, аталык жоопкерчиликти сездирүүгө аракет кылыңыз. Ата-энелер балдарына болгон мээримин көрсөтпөй, бекиткени туура эмес. Андыктан наристелериңизге мээрим төгүдөн тартынбаңыз.

— Эки жыл мурда тамеки тартып баштаган элем. Эми кантип таштасам болот?

— Тамекиге үйрөнгөн соң аны таштоо онойго турбайт. Тамекиге адамды көз каранды кылып коёт. Аны таштоо үчүн тамекин тартуудан алган бактылуулукту башка нерседен алууга аракет кылыш керек. Эркиңиз жеткен ишти сүйүп аткарып, бактылуу болууга аракет кылыңыз. Бирок, колуңуздан келген иштеп, жөнөкөй нерселерден баштаңыз. Мисалы, күн сайын 1-2 литр суу ичүүнү адатка айлантсаңыз болот. Дагы да жөнөкөйүн тандагыңыз келсе, «көчөдө баратып 3 адамга жылмаяман» деп өзүңүзгө шарт коюп алыңыз. Y муунундагылар, тагыраак айтканда 1980-2000-жылдар аралыгында төрөлгөндөр бир жолку жасаган ийгиликсиз ишин кайра жасагысы келбейт. Андыктан алыңыз жеткен иштерден баштаганыңыз оң.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache