Шашылыш кабар:

Коомдук тамактанчу жайлар камсыздандыруу полисин алсын (Элдик пикир)

Апрель 4th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Коомдук тамактанчу жайлар камсыздандыруу полисин алсын (Элдик пикир)
Без рубрики
0

Бишкектеги «Ала-Тоо» ресторанында тамак ашка ууланып ооруканага кайрылгандардын жалпы саны 233кө жетти. Мекеменин жетекчисине 20 миң сом айып пул сылынган. Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаменти азырынча уулануунун так себебин аныктай элек. Ага лабораториялык изилдөөлөр гана чекит коет. Бирок бейтаптар тойканадагы тооктон күмөн санап жатышат. Статистикалык маалыматтарга ылайык, мындай массалык уулануулар буга чейин да катталып келген. Алсак, 2014-жылы «Мансур» кафесинде 23 киши тамакка ууланган. Ал эми «Анталия» кофесинде тамактан ууланган бир жаран каза тапкан. 2015-жылы «Таш-Кордо» кафесинде 8, Ош облусундагы коомдук тамактануучу жайлардын биринде да 8 киши тамакка ууланышкан.

Мыйзамга ылайык, Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаменти коомдук тамактанчу жерлерди алдын ала 10 күн мурда эскертүү берип, жылына эки жолу гана текшерүүгө укуктуу. “Марал” радиосунун “Талаш талкуу” программасында «Коомдук тамактануу жайларындагы көзөмөлдөөнү күчөтүп, эскертүүсүз текшериш керекпи?» деген суроонун алкагында угармандардын пикирин угуп көрдүк. Берүүнү Рита Мукалаева алып барды.

Байланышкан угармандардын 84% коомдук тамактануу жайларын эскертүүсүз көзөмөлдү колдошот. Алар Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаменти мындай мекемелерди жылына жок дегенде 4 жолу текшериш керектигин айтышат.

Ал эми 3 угарман мындай аракеттер бизнести өнүктүрүүгө тоскоолдук жаратаарын белгилешет.

Мирлан:

—  Мен коомдук тамактануучу жайларга көп барам. Көзөмөлдү күчөтүш керек. Бир дылда 2 жолку текшерүү аздык кылат. Жок дегенде ай сайын көзөмөлдөшсүн. Анда да эскертүүсүз келип, тамактар кандай даярдалары, азыктардын сапаты текшерилип турушу зарыл.

Жылдызбек:

— Тойканалардын ээси тамактарды өздөрү тандап, жасайт. Бат-баттан көзөмөл жүргүзүш керек. «Ала-Тоо» тойканасынын жетекчиси үчүн 20 миң айып пул төлөө жеңил. Тамакка ууланганда дарыга да көп каражат керек. Мен өзүм да коомдук жайлардан тамактанам. «Халал» деп жазып койсо дагы, мекемеде азыктар адал экенинен күмөнүм бар. Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаменти көзөмөлдү эскертүүсүз текшериши зарыл. Болбосо 10 күндө  кемчиликтерди жоюп коюуга мүмкүн.

Турду:

— Азыркы көзөмөл күлкүлүү. Тамактан уулануу жөнөкөй эмес, андан каза таап калышы да мүмкүн.

Угарман:

— СССРде элдик көзөмөл болчу. Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаменти социалдык баракчаларын ачыш керек. Жарандар коомук жайдагы кемчиликти сүрөт, видеого тартып жөнөтүп жиберет. Эскертүү менен барышканы кандай? Андайда, адам өлтүргөн кылмышкерге да алдын ала эскертүү берели «10 күндөн кийин кармап кетебиз» деп!

— Көзөмөлдөө эскертүүсүз жүргүзүлсө коррупциялык иштерге жол ачылат. Бул бизнеске тоскоолдук жаратат. Кыргызстан либералдык экономика менен бара жатат. Эскертүүсүз көзөмөл менен артка кетебиз. Өлкөдө ресторандык бизнес өнүккөн эмес, алар өздөрүн көзөмөлгө албайт. Мен либерализмди колдойм. Ресторан маданиятын өнүктүрүш керек. Көзөмөлдү күчөтүү менен өнүгүү болбойт. Элдик көзөмөлдү күчөтсөк, эл жаман иштеген ашканаларга барбай калат.

Whatsapp:

— жайкы, туристтик сезон келе жатат. Көзөмөлдү күчөтүш керек.

— Караколдо, Жалал-Абадда, Ошто да тамактан уулануулар катталат. Эч ким унчукпай эле калып калат. Бул аймактарды да көзөмөлгө алуу зарыл.

— Колдойм. Адамдарын өлүмүн күтпөйлү.

— Текшерүүнү күчөтүү коррупцияга алып келет, андан көрө элдик көзөмөлдү күчөтүү зарыл.

— Мен каршымын, коррупцияга жол ачат.

— Ысык-Көлдөгү коомдук тамактанчу жайлар санитардык талаптарга жооп бербейт. Ошол жерди көзөмөлдөшсүн. Өзүм да иштегем.

Бактыгүл:

— Көйгөйдүн тамырын караш керек. Элди окутуш керек, ошондо жаңылыштыктарга жол берилбейт. Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаменти коомдук тамактанчу жайдын коомсуздугун карашы зарыл. Бул орган маалымат берип, агартуу иштерин дагы жүргүзүшү  керек. Ай сайын көзөмөлдөө оңой эле. Кызматкерлерге белгилүү аймактар бөлүнүп берилген.

Угарман:

— Мен тамактан ууланбадым, коомдук жайларды көп тамактанам. Бир жылда 2 жолу текшерүү чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багытталган. Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаменти көзөмөлдөп, баа коюшсун. Коомдук жайларга өзү менен чогуу тамак алып баргандар да болот. Көзөмөлдү күчөтүүгө каршымын, бирок эсертүүсүз текшерүүгө барышсын. Элдик көзөмөл кызыктуу долбоор болчудай. Технология да өнүккөн.

Кубан:

— Ресторандар, кафелер атына татыктуу болушу зарыл. Коомдук жайлардын ээси өзү да көзөмөлдөшү шарт. Алар келген коноктордун саламаттыгына кызыктар болушу зарыл.

Аман:

— Мен көзөмөлдү күчөтүүгө макулмун. Кайсыл жерде 2-3 киши тамактан ууланса, Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаменти эскертүүсүз көзөмөлгө барышы зырыл. Жылына 4 жолу текшерсе болот, бирок кызматкерлер жетпейт.

Угарман:

— Коомдук таматтанчу жайлар менен келишим түзүш керек. Анда эгер тамактан уулануу боло турган  болсо материалдык, моралдык жоопкерчиликти ресторан өзү алат.

Азамат:

— Тамак аштын коопсуздугу тууралуу сертификат алыш керек. Тамактары сактоо, аны даярдоо шарттары жазылыш керек. Көзөмөл күчөтүлсө коопсуздук көбөйөт. Эскертүүсүз текшеүүгө барганы жакшы.

Канат:

— Келишим түзүүнүн ордуна кафелер да маршруттук таксилердей камсыздандыруу полисин алышсын. Муну менен мекемеге келген кардарды камсыздандырып коёт. Конок тамактан ууланчу болсо, камсыздандыруу компаниялары төлөп берет. Мындайда компаниялар да көп чыгымга учурагысы келбей, тамактанчу жайлардан санитардык нормалардын сакталышын талап кыла баштайт.

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache