Шашылыш кабар:

Кош-Дөбө айылы: Жер бөлүнбөй талаалап жүргөндөр көп

Апрель 4th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Кош-Дөбө айылы: Жер бөлүнбөй талаалап жүргөндөр көп
Айылдан сүйлөйбүз
0

«Марал» радиосунун «Айылдан сүйлөйбүз» программасынын бул жолку чыгарылышында Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл өкмөтүнүн Кош-Дөбө айылынын көйгөйлүү маселеси талкууланды. Маалыматка ылайык, аталган айылдын жашоочулары көп жылдан бери жер ала албай, бир үйдө бир канча үй-бүлө жашап келет. Аймактын ушул жана башка маселелерин аймак жашоочуларынан билип көрдүк. Уктурууну Түмөнбай Абдинаби уулу алып барды.

Кош-Дөбө айылынын тургуну Марвет Кошматова:

— Биздин айылда 120-130дай калк жашайт. Жер берилбей балдарыбыз ар жерде талаалап, батирде жашап жүрүшөт. Менин 6 уулум, 5 келиним бар. Балдарымдын бирөөнө да жер алган эмесмин. Бир үйдө 2-3 келин жашаган учурлар да бар. Мисалы, кошунамдын 7 уулу бар. Алар да жер ала элек.  Айыл өкмөтүнө кайрылып, арыз жазганбыз. Алар, жогору жактагылар чечсе айтабыз деген жообун беришет.

Кош-Дөбө айылынын жашоочусу Муктахан Иманкожоева:

— Балдарга жер бөлүнгөн эмес. Мен 2 келиним менен бир үйдө отурам. Калган үч келиним талаалап иштеп жүрүшөт. Мектептин спорт залы жок, балдар чанга аралашып көчөдө ойношот. Арыз жазганыма көп болду, 10 жылдан бери жер берилбей келет. Тийиштүү документтерди топтоп бергенбиз. Мындан сырткары, айылда үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору жок. Эгер ооруп калып, тез жардам кызматын чакырсак, унаанын май жок экенини айтып келбей да коюшат. Келип калышса, күйүүчү май үчүн акча беребиз. Унаасы барлар 3 километр аралыктагы ооруканага барышат.

Кош-Дөбө айылынын тургуну Максат айым:

— 6 уулумдун бешөөн үйлөдүм. Келиндер батирлерде жашап жатышат. Турмуш шартыбызга байланыштуу жер ала албадык. Жолдошум майып, өзүм да оорулумун. Мен сыяктуу кошуналарым көп. Алардын да келиндери чогуу жашашат. Ооруп калгандар шарты болсо, ооруканага барышат. Болбосо такси жалдайбыз. Медициналык тез жардам кызматы күйүүчү май жок экенин айтып келбей калган учурлар болот.

Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Нуридин Мадумаров:

— Кызматка келгениме 5 жыл болду. 10 жылдан бери жер трансформация боло элек экен. Азыр 112 гектарга жакын жерди калктуу конушка которгону турабыз. Бул боюнча иш кагаздарды даярдап Өкмөткө жөнөткөнбүз. Кээ бир документтер жетишсиз экен, аларды да толуктап, кайра Өкмөткө жөнөтөбүз. Жер алуу боюнча кезекте 3300 кожолук турат. 112 га жер тарансформация болсо миң кишин жер менен камсыздалат. Кайрак айдоо жерди 8 сотыхтан беребиз. Кош-Дөбө айылынын тургундары өз айылынан жер алышат. Ушул жылдын күз айларын карай жерлерди берүүнү пландап жатабыз.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache