Шашылыш кабар:

Өзүн мусулманмын деп эсептегендердин 30%ы гана диндин буйруктарын аткарат

Апрель 3rd, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Өзүн мусулманмын деп эсептегендердин 30%ы гана диндин буйруктарын аткарат
Без рубрики
0

«Марал» радиосунун “Босого” программасында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары Закир Чотаев жана эл аралык Ала-Тоо университетинин эл аралык укук кафедрасынын башчысы Нурлан Исмаилов менен дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат тууралуу ой бөлүштүк. Берүүнү саясат талдоочу Орозбек Молдалиев алып барды.

Долбоор «Демократия жана дин»: Тең жана байистүү добуш аркылуу баарлашуу» долбоорунун алкагында даярдалды. Анын башкы максаты, Кыргызстанда бирдиктүү демократиялык коомду тарбиялоо жана буга кызыктар болгон тараптарды тартуу. Айрыкча жаштардын радикалдашуусуна жана экстремизмге кошулушуна бөгөт коюу болуп саналат.

Чотаев:

Диндин эч убакта радикализм жана экстремизм менен байланышы жок…

2014-2020-жылдарга карата дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясынын кабыл алынган. Ал «Улуттук Туруктуу өнүгүү стратегиясындагы” жоболордун бири болуп кирген. Мыйзамга ылайык, динден сырткаркы өлкөлөрдө дин бийликтен бөлүнүп, өзүнчө каралат. Бардык диндерге христиан, ислам, буддизм диндерине бирдей мамиле кылынат. Дин кармануу ар бир жарандын өз эрки. Концепциянын долбоорунда мамлекеттик саясаттын негизги приоритеттери: дин тутуу эркиндигин камсыздоо, светтик мамлекеттин кыргыз моделин түзүү, диний уюмдардын ишмердик чегин түзүү, диний чөйрөнү жөнгө салуу максатында мамлекеттин кийлигишүүсүн аныктоо, Кыргызстанда диний тармактагы террористик жана экстремистик ишмердүүлүгүн алдын-алуу жана жарандардын диний радикализацияланышын эскертүү жана алдын алуу, диний чөйрөнүн радикализацияланышын эскертүү максатында токтоо исламды жылдырууну колдоо боюнча саясат, диний билимдин деңгээлин жана дин таануу сабаттуулугун жогорулатуу каралган. Диндин эч убакта радикализм жана экстремизм менен байланышы жок экенин, ал коомчулуктун жашоосу үчүн маанилүү аспект болгонун түшүнүшүбүз керек. Өлкөдө дин өкүлдөрү мыйзамдарды бузбоо шарты менен ишмердүүлүк жүргүзө алат. Бул багытта көзөмөлдөр жүргүзүлүп, тийиштүү иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Башка өлкөлөрдөй диний ишмердүүлүккө чектөө коюп койсок, анда демократиялык мамлекет деп эсептелбей калабыз.

Дин адамдын жан дүйнөсү менен байланышта, ал көбүрөөк социалдык процесстерге таандык…

Парламентте диний принциптердин негизинде түптөлгөн партия жок. Диний уюмдардын өз ишмердүүгүнөн сыртка чыгып, башка иштерге аралаша баштаганда тийиштүү оргондар көзөмөлгө алат. Шайлоо убагында дин адамдары кайсы бир талапкерди колдоого чакырган учурларда диний уюмдарга эскертүүлөрдү бергенбиз. Дин толугу менен саясатташып кетти деп айтуудан алысмын. Дин адамдын жан дүйнөсү менен байланышта, ал көбүрөөк социалдык процесстерге таандык. Дин башка чөйрөгө  аралаша баштаганда анын радикалдашып баратканын айта алабыз. Кайсыл бир ишмердүүлүк мыйзамга каршы иш кылып жатса, аны дароо көзөмөлдөш керек. Профилактыкалык иштер жана дин тармагында билим берүү системасын жакшыртууда динден сырткаркы мамлекетте жашап жатканыбыды билгилеп көрсөтүшүбүз зарыл. Бул жаатта бир гана мамлекет эмес, жарандык коом жана диний уюмдар дагы иш алып барышы зарыл.

Өзүн мусулманмын деп эсептегендердин 30% гана диндин буйркутарын аткарат…

Бизде калктын канча пайызы Ислам динин тутунаары тууралуу так маалымат жок. Социологиялык изилдөөлөр өзүн мусулманмын деп эсептегендердин 30% гана диндин буйркутарын аткараарын  көрсөткөн. Мыйзамдарды кабыл алган органга, Жогорку Кеңешке эл тандаган өкүлдөр келет. Ал депутаттар мыйзамдарды динден сырткаркы мамлекеттердин алкагында кабыл алынат. Майрам, эс алуу күндөрү дүйнөдүк тажрыйбаны эске алынып белгиленген. Учурда сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда диний билим берүү менен динден тышкаркы билим берүүнү так аныктоо каралган. Диний окуу жайларга лицензия бир канча техникалык талаптарды аткаргандан соң берилет. Бирок Билим берүү министрлиги койгон талаптарга жооп берүү менен гана мамлекеттик диплом берүүгө лицензия алышат. Теология — диний билим. Дүйнөлүк тажрыйбада диний билим берген мекемелер көпчүлүк учурда динден сырткаркы билимди да окутат. Бугүнкү күндө Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияда көз карандысыз эксперттер тобу өлкөгө багытталган диний маалымат булактарына анализ жүргүзүп жатат.

Исмаилов:

Кайсыл гана тармак болбосун мамлекет жана коомдун пайдасы үчүн орто жолду тандап алуу оңой эмес…

СССР тарагандан кийинки убакытта дин тармагындагы мамлекеттик саясатты  эки баскычка бөлүп кароого болот. Биринчиси, диндердин эркин ишмердүүлүк жүргүзүүсү тууралуу 1991-жылы кабыл алынган мыйзам. Ал мыйзам либералдуу болгон. Он жылга жакынкы аралыкта мечит, медреселер жана башка сыйынуучу жайлардын саны кескин түрдө өскөн. Ошол эле учурда көп диний уюмдар  каттоодон өткөн. Коомчулук мамлекет тарабынан жасалган мындай либералдуу мамилеге даяр эместигин көрсөттү. Диний уюмдар коомдук жайларда, билим берүү мекемелеринде ишмердүүлүк жүргүзүп, өз ишенимине үгүттөй баштагандыктан алардын ортосунда атаандаштык пайда болгон. Бул кырдаал диндердин ортосунда түшүнбөстүккө алып келди. 2008-жылы мыйзамга өзгөртүүлөр киризилип, диний чакырыктарга жана каттоого алууга айрым чектөөлөр киргизилген. Коомдук, эл аралык уюмдардан нааразычылыктар айтылган. Болбосо диний уюмдар мамлекети оор абалга калтырышты. Кайсыл гана тармак болбосун мамлекет жана коомдун пайдасы үчүн орто жолду табуу, аны тандап алуу оңой эмес.

Эң кооптуу жагдай диндин жашыруун саясатташуусунда…

Бүгүн мамлекет диний уюмдарга жакшы шарт түзүүгө бара жатат. Мамлекет, мыйзамдарга каршы чыкпай, коомдук коопсуздукту сактоо менен ишмердүүлүк жүргүзгөн диний уюмдарды колдойт. Дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат диний уюмдардын ортосунда кызматташууга шарт түзүүдө. Диндер аралык толеранттулуукка жетишүү менен мамлекет диний уюмдарды көзөмөлдөөдө тажрыйба топтоодо. Эң кооптуу жагдай диндин жашыруун саясатташуусунда болуп жатат. Исламдын саясатташуусу эч убакта ачык жүрбөйт, ал процесс көмүскөдө жүрөт. Учурда колубузда диний уюмдардын саясатташуусу тууралуу ачык анализдер жок. Мечит, мереселердин саны өстү. Аларды ким көзөмөлдөп, кайсыл эл аралык уюм тарабынан каржыланып жатканы тууралуу так маалымат, анализ жок. Бул көрүнүштөр келечекте көйгөй жаратышы мүмкүн.

Динге ишенгендердин мүмкүнчүлүктөрүн социалык көйгөйлөрдү чечүүгө пайдалануу зарыл…

Мыйзам, саясий партиялар шайлоо алдында, саясий процесстердин жүрүшүндө диний уюмдарды үгүт иштерине аралаштырууга тыюу салат. Мамлкекеттик органдардын жана диний уюмдардын алдында динге ишенгендердин мүмкүнчүлүктөрүн социалык көйгөйлөрдү чечүүгө пайдалануу тапшырмасы турат. Болбосо, диний топтор саясий оюндарга аралашууга аракет кылышат. Мындайда диндин ачык түрдө саясатташып жатканына күбө болобуз. Кээ бир уюмдар КР мыйзамдары менен шарыят эрежелеринин ортосунда айрым карама-каршылыктарды алат да, мамлекеттин саясатына каршы чыкканга аракет жасашат. Айрым диний топтун өкүлдөрү балдарын мектепке жиберүүдөн да баш тартып, балакатка жете элек кыздарына хиджаб кийгизип коюшат. Мамлекеттик органдар мындай ишмердүүуктөрдү тыкыр иликтеши зарыл. Мындан сырткары, “Нооруз”, “8-март” сыяктуу майрамдарды тосууга каршы чыгып, мамлекеттин саясатын сыйлашпагандар бар. Мамлекеттик системага урмат-сый көрсөтпөгөнү диний топтортун радикалдашып жатканынан кабар берет.

Диндин саясатташуусу ар бир мамлекетте ар кандай багытта өнүгөт…

Жаназа окутууну диндин саясатташуусу катары көрбөйм, бул дин эркиндигине жараша аткарылат. Мамлекет жубайлардын ажырашуу маселелеринде, терроризмге каршы күрөшүүдө диний ишмерлерди колдонуу менен түрдүү иш-чараларды өткөрүп жатат. Бул жакшы нерсе. Коомдук уюмдарды социалдык жааттарда колдонуп, белгилүү жыйынтык алуу мамлекеттин ишмердүүлүктөрүнүн бир бөлүгү болуп саналат. Диндин саясатташуусу – диний тушүнүктөргү адамдарды шайлоо учурунда, бийликке келүү же бийликти кармап туруу үчүн саясий багытта колдонуу. Бул ар бир мамлекетте ар кандай багытта өнүгөт. Мамлекеттик башкаруу системасы күчтөнгөн сайын диндин саясатташуусу азаят. Алсыз саясатчылар өз кызыкчылыгы үчүн динди колдонушу мүмкүн. Диний уюмдардын саясатка аралашып же аралашпай жатканын анализ жүргүзбөй туруп айтуу кыйын. Бул эч кайсы мамлекетте ачык жүрбөйт. Алсак, террордук уюмдар ишмердүүлүгүн ачык жүргүзгөндүктөн алар менен күрөшүү жеңилирээк болот. Бирок диндин саясатташуусу жабык жүрөт, аны ачып көрсөтүү да кыйын. 1990-жылдардан бери байкасак, айрым саясий лидерлер диний түшүнүктү саясатка колонууга аракет кылып келишет. Мамлекеттин системасы канчалык күчтүү экенин кээ бир күчтөр аркылуу сынап көрүшүүдө. Жүргүзгөн саясатына таш ыргатсак, кандай жооп беришет деген чакырык болууда. Кыргызстан диний уюмдарга, диний объектилерге эң идеалдуу шарт түзүп берген өлкө болуп саналат. Бирок биз жогоруда айткан оюндарды жүргүзүү менен мамлекеттин ишенимин жоготуп албашыбыз керек.

Кыргызстан — динден сырткаркы өлкө болгону менен диний маселелерге түшүнүү менен караган мамлекет…

Жума намазы үчүн кошумча убакыт бөлсөк, иш күнү бир саатка узарышы зарыл. Мындайда жумага барбагандардын укугун тебелеп жатабыз. Жума намазына барбагандар нааразы болушу мүмкүн. Жума күнкү жумушту 7 саат кылып коюш үчүн, эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизиш керек. Бүгүнкү күндө эч ким «жума намазына кетип калыптыр» деп бирөөнү кызматтан ала элек. Адамдар түшүнүү менен бири-бирине шарт түзүп берип жатат. Муну менен маселени чечип жатабыз. Коомдун бири-бирин түшүнүү процессин дагы сыйлашыбыз кажет. Кыргызстан — динден сырткаркы өлкө болгону менен диний маселелерге түшүнүү менен караган мамлекет. Алсак, эмгек кодексинде Орозо Айт, Курбан Айт майрамдары эс алуу күн катары каралган. Ошондуктан ашыкча нерселерди издегендин кереги жок. Лицензияларды берүүдөн мурда диний уюмдардын санын тактап, алардын көзөмөл системасын үйрөнүш керек. Диний мекемелерде билим алгандарга кандай шарт түзүлгөнүн кароо зарыл. Коомчулук Ханафий мазхабын карманганын эске алганда диний окуу жайларда берилип жаткан билим аталган мазхабга туура келеби деген суроо туулат. Учурда Муфтият, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия диний уюмдардын ишмердүүлүгүн системалуу көзөмөл жүргүзүлөт. Бул көзөмөл Юстиция министрлиги менен Билим берүү министлигине өтсө, аларда көзөмөл жүргүзүү үчүн адистер жок. Ошондуктан Муфтият менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия лицензия бергенден кийин кандай текшерүүгө алаарын дагы ойлонушу зарыл. Диний окуу жайлар лицензия алган соң «биз бир гана Билим берүү минисрлигине карайбыз» деп муфтиятты көзөмөлгө аралаштырбай коюшу мүмкүн.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache