Шашылыш кабар:

Керимбаев: 23-апрелде Ислам каржы борбору иштей баштайт

Апрель 3rd, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Керимбаев: 23-апрелде Ислам каржы борбору иштей баштайт
бизнес клуб
0

23-апрелде Бакай банкынын алдындагы Ислам каржы борбору расмий түрдө иштей баштайт. Бул тууралуу аталган борбордун директору Талант Керимбаев “Марал” радиосуна берген маегинде бидирди.

Анын айтымында, каржы борбору толугу менен шарияттын талаптарына ылайыкталган. Анда соода-сатык жана инвестиция операциялары колдонулат. Жүргүзүлгөн иштер шарияттык кеңештин көзөмөлүндө болот. Ал кеңеште жергиликтүү аалымдардан сырткары Орусиядан келген аалымдар да бар.

«Ислам каржы борборунун мүмкүнчүлүктөрүнөн 21-63 жаш аралыгындагы ишкерлер, жөнөкөй жарандар пайдалана алат. Берилчү насыялар эң аз 5 миң сомдон башталып, бизнестин көлөмүнө жараша өсөт. Ислам принциптери боюнча каржылоодо суткорчулукка жол берилбейт. Той-топурларга каражат бөлүнбөйт,» — дейт Керимбаев.

Маалыматка ылайык, накталай акча насыя алган кишинин колуна берилбейт. Каражат эмне үчүн керек болсо, кызматкерлер өздөрү алып берет. Насыялар беш жылга чейин берилип, күрө маселеси каражаттын көлөмүнө жараша өзгөрөт. Кардар насыяны төлөй албай калса, анын себептери каралат. Ислам каржы борбору, тапкан кирешени акча салган киши менен бөлүшөт.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache