Шашылыш кабар:

Туз айылы: Окуучулар 4 жылдан бери зыяндуу зат бөлүнгөн мектепте окушат

Апрель 3rd, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Туз айылы: Окуучулар 4 жылдан бери зыяндуу зат бөлүнгөн мектепте окушат
Айылдан сүйлөйбүз
0

«Марал» радиосунун «Айылдан сүйлөйбүз» программасынын бул жолку чыгарылышында Кочкор районуна караштуу Туз айылынын «Жунушаалы кызы Зайнап» атындагы орто мектептин маселеси талкууланды. Маалыматка ылайык, 2007-жылы Корей элинин колдоосу менен курулган мектептин окуучулары байма-бай эстен танып, башы айланган учурлары көп болот. Медициналык текшерүүдөн соң окуучулардын экөө аз кандуулук, төртөө аллергия жана бирөө жүрөк кемтигине чалдыкканы аныкталган. Окуу жайдын ушул жана башка маселелерин аймак жашоочуларынан билип көрдүк. Уктурууну Түмөнбай Абдинаби уулу алып барды.

Туз айылынын тургуну Улан Мамбеталиев:

— Ашар жолу менен курган эски мектеп 2006-жылкы жер титирөөдөн соң колдонуудан чыккан. 2007-жылы Корей элинини жардамы менен 240 окуучуга ыңгайлашкан жаңы мектеп курулган. Андан бери бир топ окуучу эстен танып, кулап келди. Биз көп маани берчү эмеспиз. 2017-жылы Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылсак эч кандай жыйынтык болгон жок. Өкмөт башчы Сапар Исаковго да кат жаздык. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти биринчи жолу текшергенде жакшы деген баасын берип кеткен. Кийин экинчи жолку текшерүүдө курулуш материалдарынан фенол, формальдегид деген зыяндуу заттар бөлүнүп чыгаарын аныкташты. Саламаттыкты сактоо министрлиги бул мекемеде окууга  болбой турганын, зыяндуу заттар жүрөк, көз, ич оорууларына алып келээрин айтып, мектепти жабуу боюнча токтомун чыгарган. Бирок, окуучуларды эс алуудан соң кайра эле ошол мектепте окутуп жатышат. Менин уулум да 1-класста окуйт. Күн сайын мектептен келгенде бир сааттай эс алат. Башы айланып, муруну канаган учурлар көп катталат.

Туз айылынын айылдык кеңешинин депутаты Арстанбек Жумакадыров:

— Мектеп 2007-жылы инвесторлор тарабынан курулган. Балдар бүгүнкү күнгө чейин окуп келишет. Жыл сайын сабак учурунда бир канча окуучу эстен танган фактылар болгон. Себебин изилдесек, имараттын курулуш материалдарынан зыяндуу заттар бөлүнүп чыгат экен. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти ал заттар нормадан 3-4 эсеге көптүк кылаарын айтып кетишти. Ошентсе да окуу жүрүп жатат. Ушул жылдын 20-мартында мектеп жабылат дегенинен балдарды окутууга атайын үйлөрдү даярдап койгон элек. Бирок райондун акими, Билим берүү министрлигинин статс-катчысы жана башкалар келип, «көз карандысыз эксперттерди алып келип анализ жасайбыз, 10 күнчө окуп тургула» деп кетишкен. Бул маселени жөнгө салуу үчүн жаңы мектеп куруш керек.

Кочкор районунун акиминин орун басары Элмира Садыкова:

— Билим берүү министрлигинин статс-катчысы келип, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп кетти. 11 күндүн ичинде көз карандысыз эксперттерди алып келип, анализдин жыйынтыгына жараша иш кылабыз дешкен. Ага эл да макул болду. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти алгач курулуш материалдарынын үлгүсүн алып кетип текшерген. Эч кандай коптуу нерсе табышкан эмес. Экинчи жолу мектепти жеринен көзөмөлгө алышты. 2007-жылдан бери эмес, 2014-жылдан бери 13төй бала эс-учун жоготкон фактылар катталган. Аларды медициналык текшерүүгө алганда жүрөк кемтиги, аз кандуулук, аллергиялык оорулар менен жабыркаары аныкталды. Бул окуучуларга компенсация төлөп берүү маселеси Өкмөттүк деңгээлде каралчу жагдай. Ал эми мектеп курулаарда тиешелүү мамлекеттик органдар текшерип, мыйзамдуу жол менен эле салынган. Канча каражат кеткени боюнча маалымат айтылган эмес.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache