Шашылыш кабар:

Швейцариянын сопраносу менен маек: “Ырчынын эң биринчи душманы – өзү”

Апрель 2nd, 2018 | by Blog
Швейцариянын сопраносу менен маек: “Ырчынын эң биринчи душманы – өзү”
Блог
0

Швейцариянын сопраносу делген Дорис Сержи менен учурда Женевада жашап жаткан кыргызстандык Жеңишбек Эдигеев маектешти. Кесиптешибиз бул жерде ырчы Дорис Сержинин жан дүйнөсү, ой-толгоолору, Кыргызстан тууралуу маалыматы, жашоонун гармониясы ж.б темаларда маектешкен. Төмөндө маектин толук вариантын кесиптешибиздин өзүнүн баш сөзү менен сунуштайбыз.

Дорис Сержи, Швейцария сопраносу: “Ырчынын эң биринчи душманы – өзү”

Мага бул ырчыны бир жазуучу айтты. Оригиналдуу бир ырчы бар, сүйлөшүп көрчү деп. Анан байланыштык. Чынында ошондой өзүнүн өзгөчө ою, стили, шумдуктай үнү бар, философияны казып окуган ырчы экен. “Эгерде йога менен машыгып көрө элек болсоңуз анда аны кылыңыз, бул керемет” дейт.

-Сиз чоңойгон айылды сүрөттөп берсеңиз, сурайын дегеним ыр менен балалыгыңызды байланыштырып турган нерселер болсо керек?

-Албетте ал үн. Бизди бириктирип турган нерсе ал фонетикалык сыйкыр. Мен айылда, тоосу да, талаа-түзү да бар аймакта чоңойдум. Француз тилинде « champ » (айыл жери) анан « chant » (ыр) сөздөрүнүн айтылышы, айтылыш үнү окшош. Демек ырдап калышыма айылымдын таасири бар. Мен 18 жашыма чейин болгону 300 түтүн эли бар алакандай айылда жашадым. Көрүнүшү болсо бардык эле айылдар сыяктуу: дыйканчылык талаалары, жемиш бактары, уйлары, жылкылары, тооктору жайылган айыл…

-Демейде жаштар классикалык музыкага кызыгышпайт эмеспи, сиз кайсыл жашыңызда лирикалык ырчы түйшүгүнө кириштиңиз?

-Мен ырга жөндөмүмдү, кызыгуумду эң алгач 15 жашымда байкадым. Лицейдин хор ырдоо кружогуна барып жүрүп лирикалык ырда бүт денеңди, угуу сезимиңди, акыл-эсиңди катыштырып жууруп турган зор таасир болоорун сездим. Бул мага музыка дүйнөсүн бир көрүп сүйүп калган сыяктуу таасир болду да ошол бойдон ырдоо бул сүйүү тарыхыма, жашоомо айланды. Ыр мага канат берет, телегейимди тегиздеп, адамзаттын жашоо ыргагы менен байланыш түзүп турат.

-Дайыма жандуу калыпта, жакшы формада карманып жүрүш үчүн кандай эрежелериңиз бар?

-Мен өтө так эрежелер менен жашайм. Мен музыкалык аспаптарга кандай кылдат, аяр мамиле кылсам өз денеме да ошол сыяктуу өтө чоң жоопкерчилик менен мамиле кылам: күнүгө 8-9 сааттан кем эмес уйку, вегетариандык тамак-аш, күнүгө йога, жумасына бир нече ирет сууга сүзүү жана бийге катышуу анан да мүмкүн болушунча таза абада көп сейилдеп басуу. Мындан тышкары сырткы дүйнөгө аралаштыра турган жан дүйнөнү дарылоочу жана эс алдырчу түркүн көнүгүүлөрдү тынбай кылам.Ошондой эле жалгыздыкка чыгып, өзүм менен өзүм болуп, кетирген энергияны толуктап турганды адат кылгам.

-Сахнада ырчысыз а жеке жашоодочу?

-Мага жолу биригип, тагдырлаш болгон жакын адамдарымдын баарына жан тарткан, аларды терең түшүнгөн адам болгум келет. Бул билген кишиге өтө чоң эмгек, жоопкерчилик жана түйшүк. Бул аракетим мен өлгөндө гана токтошу мүмкүн.

-Сиз өзүңүздөн эмнени түп орду менен өзгөрткүңүз келет?

-Эч нерсемди!

-Кайсыл курагыңызда үй-бүлө күткөндү ойлонуп жүрөсүз?

-???? Мен бу жарыкка келе турган жаңы наристеден мурда өзүмө жаңы жашоо бергенди тандадым. Муну менен бир нерсени айта кетишим керек: чыгармачылыктын туу чокусуна чыкканга да үй-бүлө күтүп, бала төрөгөнгө да жетишкен аялдарга таазим этем.

-Талантты таптап, багыш керек дешет. Сиз бул тапшырманы кандайча аткарып атасыз?

-Таасирди, эмоцияны бага билиш керек. Анан да чыгармачылык үчүн эмне туура, эмне туура эмес экендигин күнүмдүк турмуштан улам дайыма изденип табышың керек. Максатка умтулуу, эрк жана тырышчаактык бул ичиңдеги тең салмактуулукту сактоого абдан жардам берет, сени бөксөртпөй өз деңгээлиңде кармап турат.

-Ырчылардын эң биринчи душманы эмне?

-Ал өзү!

-Эң биринчи ирет кайсы жашыңызда ата-энеңиздин уруксаты жок, өз алдынча чечим кабыл алгансыз?

-Балакат курагымды айтсам, эч кимдин оюн укпай туруп эт тамактардан баш тартып вегетариандык тартипке өткөм. Жаштыкты айтсам эч ким менен акылдашпай туруп ырчы болом деп чечкем дагы бакалавр дипломумду алаарым менен Австрияга билет алып туруп кетип калгам. Иши кылып бир жакка кетким келген эле…

-Кайсыл чет тилдеринде сүйлөйсүз жана чет тилин окуп үйрөнүүдөгү сиздин алтын эрежеңиз кайсыл?

-Француз тили менин өз тилим. Англисче, немисче, италиян тилинде жакшы сүйлөйм. Андан сырткары португалия, испан тилдерин орточо билем. Анан да орусча кичине түшүнө алам. Булардан сырткары латын жана байыркы грек тилин окугам, тааныштыгым бар. Бул эки өлүү тилди өз алдымча эмес мугалим менен окубай калганыма өкүнөм. Алтын эрежем жөнүндө айтсам: кулак көнүш үчүн ошол тилди көп угуш керек, сөз байлык байышы үчүн көп окуш керек анан калганы кайталоо, кайталоо… Булар жакшы ишке ашышы үчүн ошол тилдүү өлкөдө жашап келгенден өтөөрү жок.

-Швейцария менталитетиндеги сизге жаккан анан да жакпаган жактары кайсылар?

-Швейцария менталитетине баа бериш мага аябай талуу, кыйын нерсе. Ошентсе да швейцарлардын легендарлуу прагматизми бир максатты өтө алыстан карап, талдай билгенге андан соң анан ар бир кадамын өтө этияттык менен таштап олтуруп марага жеткенге мүмкүндүк берип турат. Эгерде швейцарлардын менталитети ушундай болсо демек мен да ошого кирем. Ал эми менин элимдин менталитетиндеги баалаганым — прагматизмдигинен улам өлкөдө салыштырмалуу бекем туруктуулук бар. Ал эми мага жакпаганы – ошол прагматизмдиктин айынан фантазиянын жетпегендиги. Биздин кемчиликтерибиздин да сапаттуусу бар ошол эле учурда сапаттарыбыздын да кемчилиги бар деп айтат элем.

-Өнөр адамы катары айтсаңыз, сизге мамлекеттен берилген сый-ургал канчалык маанилүү?

-Чынымды айтсам буга чейин бир ирет да сый алсам, сыйга жетсем деген ой келбептир. Андай сый-ургал эгерде ошол өнөр адамына экономикалык жактан өбөлгө алып келе турган болсо анда анын жөнү башка. Андай болбосо анын зарылчылыгын көрбөй турам.

-21-кылымда эки адам ортосундагы сүйүү, махабат темасы канчалык чын жана бийик деп ойлойсуз?

-Адам адамдан жаралып, адамдын берген жемиши адам болуп аткан соң сүйүү жана сүйүктүү болуу темасы өлбөй жашай берет. Бул жашоо зарылдыгы. Албетте азыркы заманда өзгөчө Батышта сүйүү же үй-бүлөө куруу максаты болбосо да башкалар менен жакын мамиледе болуунун жана бирге жашоо өткөрүүнүн бир канча жолдору бар. Бирок кантип бири-бирине ишеним арттыруу жана канагаттануу маселесин гармониялаштырабыз? Анын коопсуздугу кандай болот? Бул ар адамдын өз тандоосу, тилекке каршы күнүмдүк жашоо шартка жараша аны бирде аңдаса бирде аңдай албай калышат…

-Сиз мурда Кыргызстан өлкөсү жөнүндө уктуңуз беле?

-Мен Кыргызстандын географиялык картада кайсы жерде экенин жана ал мурда СССРдин курамында болчу экенин билчүмүн. Бирок чынымды айтсам сиз менен таанышканга чейин бул өлкө жөнүндө оюмда бир дагы кичинекей илинчек болгон эмес.

-Биздин кылымдагы адамзат үчүн кооптуу болуп аткан дүйнөлүк проблемалар сизди канчалык кооптондурат?

-Айланасына проблема жаратыш бул адам адам болуп жаралганы анын натурасында кошо жаралган. Биз адамдар өз түшүнүк жана баалуулугубуз менен ар көз ирмем сайын бу ааламга таасир этип турабыз. Адамдардын жан дүйнөсүнүн тайыздыгынан улам адамзат өнүгүүгө эмес кыйроону көздөй жылып баратканын байкагыбыз келбейт.

-Швейцарияда да уй жаныбары Индиядагыдай ыйык деп эсептелет десек болобу?

-Эгерде диний көз караш менен карасак анда жок, ал андай ыйык эмес. А эмблемалык, символдук жагынан алсак ооба, уй Швейцарияда абдан маанилүү. Анткени уйдун сүтү, андан жасалган сыр жана шоколад аркылуу биздин өлкө бүт дүйнөгө таанымал.

Автор Жеңишбек Эдигеев

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache