Шашылыш кабар:

Кыргызстанда 36 мектеп өтө кооптуу авариялык абалда

Апрель 1st, 2018 | by Субанбек Исмакеев
Кыргызстанда 36 мектеп өтө кооптуу авариялык абалда
Кыска кабар
0

Кыргызстанда 36 мектеп өтө кооптуу абалда. Бул тууралуу 29-мартта өлкөдөгү мектептердин абалы тууралуу коомдук угууда билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирген.

Анын айтымында, абал өтө оор 36 мектеп жаңы имарат куруу каралган 193 мектептин катарында. Буга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги бюджеттен 36 мектепке биринчи кезекте каражат бөлүүнү өтүнүп жатат.

Коомдук угууда мындан тышкары, Билим берүү жана илим министрлигине мектептерди куруу ишин жетекчиликке алуу сунушталган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache