Шашылыш кабар:

Темир жолду жаңылоого 867 млн сом талап кылынат

Апрель 1st, 2018 | by Субанбек Исмакеев
Темир жолду жаңылоого 867 млн сом талап кылынат
Кыска кабар
0

Кыргыз темир жолун жаңылоого жылына 867,5 миллион сом талап кылынат. Бул тууралуу бүгүн «Кыргыз темир жолу» ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Мекеменин кабарлашынча, темир жолдун жогорку бөлүгүн жаңылоо үчүн 2021-жылга чейин 56 чакырым рельсти, 28 чакырым өткөрмө пункттарын жаңылоого жылына 395 млн. сомдук каражат талап кылынат.

Ошондой эле, 89 миңден ашык шпалды алмаштыруу үчүн 472,5 млн. сом коротулат.

Белгилей кетсек, жаңылоо иштери Луговой бекетинен Балыкчыга чейинки бөлүгүндө жүрөт.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache