Шашылыш кабар:

Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 2-апрелде аяктайт

Апрель 1st, 2018 | by Субанбек Исмакеев
Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 2-апрелде аяктайт
Кыска кабар
0

Бирдиктүү салык декларациясын берүүнүн акыркы күнү дем алыш күнүнө туш келгендиктен, салык декларациялары 2-апрелде да кабыл алынат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Ошол себептен декларация тапшырууга үлгүрбөй калган жеке жактар, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар калган күндөрү, анын ичинде 2-апрелде да тапшыра алышат.

Жарандарга ыңгайлуу болуу үчүн бардык салык органдары Бирдиктүү салык декларациясын дем алыш күндөрү жана 2-апрелде саат 9.00дөн тартып түн ортосуна чейин кабыл алышат.

Белгилей кетсек, көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жана жер участогу бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү.

Декларацияны өз убагында тапшырбагандарга 2000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache