Шашылыш кабар:

Балдарды тарбиялоодо «соодалашуу» — жаңылыштык

Балдарды тарбиялоодо «соодалашуу» — жаңылыштык
Ата-эне сааты
0

“Ата-эне сааты” программасынын бул жолчу чыгарылышында балдардын жеке жашоосу же болбосо ата-эне жана мектеп балдарды канчалык көзөмөлгө алышы керектиги тууралуу сөз кылдык. Педагог Кайыргүл Дүйшөналиева менен «Синяя птица” балдар бакчасынын администратору Гүлназ Султанова өзүнүн пикирлерин, кеңештерин берди. Берүүнү Айзат Үсөнгүл кызы алып барды.

— “Балдардын күн тартиби” деген эмне жана анын балдарга тийгизген таасири кандай болот?

Дүйшөналиева: -Балдардын жеке жашоосунда убакыт өтө маанилүү ролду ойнойт. Өзүмдү мисал келтирип айтсам, улуу кызым мектепте 1-класста окуп жатат. Ата-эне катары окуучу болгон балдарыбызды өз алдынча таштап койбой, алар ар бир мүнөттү кандай пайдаланып жаткандыгына көңүл бурушубуз керек. Бул – ар бир ата-эненин милдети. Мен математикадан сабак берем. Мугалим катары азыркы окуучуларды карасак, балдардын билим деңгээли күндөн күнгө төмөндөп жатат. Мындагы маанилүү нерсе, ата-эне менен мугалимдин ортосунда тыгыз байланыш болушу керек. Биз мектептен талап коюп билим берсек, ата-энелер да үйдөн ошондой көзөмөл кылышы керек. Балдарды үйдө “сабак кыл” деп айтканды эле талдап көрсөк, бул баланы кыйнап койчудай угулат. Анын ордуна “балам, телевизор көргөндүн ордуна сабагыңды кыл” деген оңоюраак туюлат. Анан дагы “кыл” эле дебестен, тактап, “кайсы сабактын кайсы темасын кылышың керек?” деп көзөмөлгө алуу керек. 1-4-класс аралыгындагы балдарды тапшырма аткартууда жалгыз койбостон, анын жанында болуу аябай маанилүү. Аны менен бирге кыйналган тапшырмаларына жардам берүүсү керек. Ошол себептүү ата-эне да кандайдыр бир деңгээлде билимге ээ болушу керек.

Султанова: -Ар бир үй-бүлөдө белгиленген режим болушу керек. Эртен менен турганда мээ кабыл алууга жөндөмдүү болгондугуна байланыштуу көп маалыматтарды берүүгө кызыкдар болуу керек. Менин тажрыйбамда да ушундай ыкманы колдонуп келем. Бала бакчада да бул убакытта керектүү маалыматтарды бергенге аракет кылабыз. Күндүн экинчи жарымында активдүү кыймыл аракетке көп басым жасайбыз.

— Ата-энелердин арасында балдарынын күн тартибинин мүнөтүнө чейин жазып койгондору бар. Бул балдарга канчалык таасир этет?

Султанова: -Балдардын күн тартибин белгилеп, “бул убакытта муну жасайсың” деп бекитип койгону – туура аракет. Ар бир үй-бүлө тартипти бир кагазга түшүрүп, таблица катары илип алса да болот. Бул ата-энеге да, балага да оңой болот. Менин балдарым окууну билбеген учурунда биз алар түшүнө турган кылып сүрөттөр менен түзгөнбүз. Ошого карап алар түшүнүшчү.

— Күн тартибин кагазга түшүрүү канча жаштагы балдар үчүн ылайыктуу?

Султанова: -Сүйлөп баштаган бала сүрөттөр аркылуу күн тартипти түшүнө алат. Демек, 2-3 жаштан баштап мындай режимди колдонсо болот. Мектеп жашындагы окуучулар да өзүнө күн тартибин түзүп алганы пайдалуу болот. Күндүн аягында ата-эне да, бала да ошого карап, ошол күндүн жыйынтыгын чыгарат.

— Суицидге кабылган бир бала: “ата-энем мени 24 саат бою көзөмөлдөгөнү үчүн ушул жолго бардым,”-деп кат жазган экен. Балдарды ар бир мүнөтүнө чейин текшерүүгө алганыбыз канчалык туура?

Дүйшөналиева: -Ар бир нерсенин чеги болот. Ошол сыяктуу эле бала тарбиялоодо да катуу көзөмөл да кылбай, бош да койбой, орто жолду кармануубуз керек. Балдар үчүн чогуу отуруп сабак даярдоо, аларга күн тартип бекитип берүү маанилүү. Ошол эле учурда анын сапатына жана ишке ашуусуна да көңүл буруу керек. Психологдордун изилдөөсү боюнча, 1-класстагы бала үйгө келгенде оюн 10 мүнөт гана топтоп тура алат. 2-класстар болсо 20 мүнөт, 3-класстар 30, ал эми 4-класстар 40 мүнөт деп бөлүнөт. Телевизор боюнча айтсак, 2 жашка чейинки жеткинчектерге көрүүгө такыр болбойт. Зыяндуулугу көп экенин, жада калса сүйлөө жөндөмү да түшүп кетүүсү мүмкүн экенин айтышат. 3-6 жаштагылар күнүнө 30 мүнөт гана көрүүсү керек. 6-11 жаштагылар 40 мүнөт, 14-18 жаштагылар 2 саат гана көрүүсү туура болот. Биз күн тартиби жөнүндө сөз кылганыбыз менен, азыркы күндө социалдык тармактардын таасири өстү. Түркияны алып карай турган болсок, окуучулардын 85% көп убактысын Facebook тармагына колдонушат экен. Эң өкүнүчтүүсү алардын көбү 10 жаштан ылдыйдагылар. Ата-энелери “эмне үчүн?” деп сурашканда: “Мен досторум менен сүйлөшүшүм керек,”-деп жооп беришкен. Окумуштуулар сүйлөшүүдө жандуу болуп, жүз көрүшө баарлашуу маанилүү дешет. Ал соцтармактарда атайын тайпаларды ачып, түрдүү каттар келгенде баланын башы айланып калуусу мүмкүн. Ошонун артынан апасынын айткандарын унутуп калат. Азыркы учурдун көйгөйлүү маселеси болгон балдардын убактысына кылдат мамиле жасасак.

— Ата-энелерге күндүн биринчи жана экинчи бөлүгүн эске алып, бир тартип түзүп сунуштап көрсөк болобу?

Султанова: -Биз бала бакчадан келгенден кийин жатканга чейин 3-4 сааттык убакыт болот. Бакчадан бала чарчап келет. Ал келери менен тамактанат. Андан соң анын телевизор көрүүсүнө уруксат беребиз. Бул азыркы замандын талабы болуп саналат. Андан соң жатардын алдында китеп окууга маани беребиз. Муну башкаларга да сунуштайм. Анткени китеп окууда баланын ой жүгүртүүсү жана кыялдануусу өнүгөт. Эгерде ким баласынын китепке жакын болуп көп окуган, акылдуу болуп жетилүүсүн кааласа, сөзсүз балдары менен чогуу китеп окусун. Дем алыш күндөрдү да атайын күн тартипке салып коюу керек. Бир айда 4 жума болсо, 4  пайдалуу жерди тандап коюшса жакшы болот. Ошол күндөрү белгиленген жерлерге барып, жаңы нерселерди үйрөнө алат. Алсак ата-эне баласын биринчи жумада китепканага, кийинкисинде темир жол станциясына барып тааныштырса болот.

— Ал эми окуучу балдардын мектептен кийинки убактысы жана эс алуу күндөрү кандай өтүүсү керек?

Дүйшөналиева: -Акыркы 6 жылда окуучулардын билим деңгээли төмөндөп жатканын байкоого болот. Алардын себеби интернет жана социалдык тармактар деп айтууга болот. Ал жакта достору көп болуп, көп “лайк” алганы социалдык чөйрөнү өздөштүрдү дегенге жатпайт. Бул жөн гана убакытты текке кетирүү болуп саналат. “Досуң канчалык көп болсо, сен ошончолук социалдык жактан активдүүсүң” деген түшүнүктөн да алыс болуубуз керек. Чыныгы жашоодо сүйлөшүп, ой бөлүшкөн аябай маанилүү. Азыркы учурда окуучулардын мектептен сырткары өз алдынча билим алууга бөлчү убактысынын аздыгы башкы маселе болуп турат. Ошондой эле алар бош отурганда алаксыткан материалдарды көптүгү да көйгөйгө айланды. Окуучу сабак даярдап жатканда, аткарган тапшырмасынан ырахат ала билиши керек. Эгер ал ырахат алып жатса, ага ата-энесинин айтуусу, мугалимдин урушуусу да жок эле ал өз алдынча билимге умтулат. Ал үчүн баланын билимге жана китепке болгон сүйүүсү өнүгүшү керек. Бирок азыр китепканаларда бир да окуучуну көрө албаганыбыз ачуу чындык. Азыр көпчүлүгү интернетти колдонгону менен ал жакка кирип, тиешелүү маалыматты окуйм десең ар кандай жарнама чыгып алаксытат. Ал жөн гана маалымат берет. Биз андан билим алабыз деп айта албайбыз. Ошол үчүн интернет маалымат, китеп билим берет деп айтсак болот. Мен азыркы балдардын билим деңгээлинин түшүүсү интернеттеги социалдык тармактардын көбөйүүсүнөн деп айта алам. Эми балдардын туура күн тартибине токтолсок. Алар биринчиден, эртен менен сөзсүз тамактануусу керек. Анда үй-бүлө мүчөлөрү чогуу отурса, күндүн башталышына жакшы таасир этет. Андан кийин 6 сааттык мектеп убактысы болот. Сабактан кийин айрымдары кошумча ийримдерге катышса, кээ бирлери үйүнө келишет. Жаш окуучулар мектептен кийин жок дегенде 45 мүнөт ата-энеси менен ар кандай оюндарды ойноосу керек. Андан кийин 30 мүнөт телевизор көрсө болот. Анда да көңүл ачуучу гана эмес ар кандай билим берген программаларга назар салуусу маанилүү. Андан кийин орто жаштагы окуучу 40 мүнөттөй оюн топтой алганын айттык. Ошол үчүн тапшырма аткарууда көп дегенде 40 мүнөт отуруп, андан соң эс алып анан улантуу керек. Маанилүүсү бала билим бергенге эмес өз алдынча алганга көңүүсү керек. Ошондо ал билимден ырахат ала баштайт. Ата-энелердин эң чоң жаңылыштыгы – балдарына: “Сен бул сабактан жакшы баа алсаң, сага муну сатып берем,”-деп шыктандырганы. Бул “сатып алуу” ыкмасы тарбия берүүдө туура метод катары саналбайт. Жаш кезинде кичинекей белек берип көндүрүп койсоң, чоңойгон сайын белектер да чоңоюп, аягында унаа сатып алып бергенге мажбур болуп каласың. Бул туура эмес шыктандыруу болуп калат. Ошол үчүн балдардын ички мотивациясы болуп, өз алдынча аракет кылганы туура болот.

— Балдарда өзүнө арнаган убакыт болушу керекпи? Буга кайсы убакыт ыңгайлуу?

Дүйшөналиева: -Азыркы замандын жаштарына катуу текшерүүгө алуу туура келбейт. Катуу кармагандан терс натыйжа деле алып калышыбыз мүмкүн. Ошондуктан балдарга кичинекейинен эле жоопкерчиликти алуу үйрөтүү керек. Мисалга алсак, мектепте мугалим окуучудан китебин сураса, “апам салбай калыптыр” деген учурлар да кездешет. Мындайда баланын апасы эмес, өзү салып үйрөнүшү керек. Анан дагы баланын кемчиликтерине көп көңүл койбой, жакшы жактарын айтуу керек. Кыргызда да “жакшы, жакшы десе, ошого умтулат” дегендей, жакшы деп ошого үндөө сунушталат. Ошондой эле балдарга ишенип да көнүүбүз зарыл. Бул “кандай болсоң, өзүң бил”дегендик эмес, башкарып да туруусу керек. Бирок ошондо ийкемдүүлүк да эсибизден чыкпасын. Балага тарбия берүүдө сөзгө караганда үлгү болуу таасирдүү. Мисалга алсак, телевизорду көп көргөн үй-бүлөдө балдар да көп көрөт. Анткени бала ата-энеден таасир алат. Ошол үчүн биз өзүбүздүн үстүбүздөн иштеп, китепке жакын болуп, билимге умтулсак, балдар да бизден алыс кетпейт. Үй-бүлөдө балага караганда жолдошуна жакшы мамиле кылуу туура аракет. Анткени балдар көргөнүнөн көп сабак алат.

Султанова: -Ата-эне биринчи кезекте баласына ишениши керек. Балдар өз билгенин кылышат. Бирок аларда деле белгиленген бир чек болуп, андан ары өтө алышпайт. Ошол үчүн аларга ишеним көрсөтүп, шыктандыруу сунушталат. Бала менен ата-эненин ортосунда диалог, ишеним болсо, баары өз нугунда уланат.

— Эркек балдар менен кыздардын күн тартибинде айырма болушу керекпи?

Султанова: -Эркек баланын физиологиялык түзүлүшү башка болгон үчүн физикалык жактан кыймыл-аракеттер көбүрөөк болушу керек. Кыз балада чыгармачылыкка басым жасасак болот. Мисалы сүрөт, кол эмгек сыяктуу иштер менен алектенишин сунуштайбыз.

Дүйшөналиева: -Мен мугалим катары билим жагына көңүл бурсак, анда көп деле кескин айырмачылык жок. Анткени кыз да бала да бирдей убакытта аракет кылып билим алса болот дейм. Бала тарбиялоодо баарын башынан баштоо керек. Негизгиси алардын сөз чебердүүлүгүн өстүрүү керек. Эгерде окуучу 1-класска барганда көп сөз билсе, сабакты жакшы түшүнүп баштайт. Андай болбосо мугалимдин айткандарын түшүнбөй, артта калуусу толук мүмкүн. Бул фактор жогорку класстарга өткөндө да таасир этиши мүмкүн. Башында жакшы кабыл албаса, кийин да түшүнүшү кыйын болуп, сабакка кызыгуу азаят. Мындай учурда ата-эне баланын көзүндө идеалдуу адам катары көрүнүүдөн да алыс болушу керек. Анткени балдар “ата-энемдей боло албадым” деп чөгүп кетүүсү мүмкүн. Бул себептүү кээде ата-энелер билбеген нерселерин да балага билдирип туруусу керек. Каталары болгонун, аны оңдоп, эмгектин арты менен ийгиликке жеткенин баласына түшүндүрүп берүүсү дурус. Адам кичинекей кезинен эмгекке үйрөнсө, келечектеги жашоосу ошончо оңой болот.

— Эмне үчүн эркек балдарды бошураак коёбуз дагы кыздарды катуураак көзөмөлдөйбүз?

Дүйшөналиева: -Кыз бала бизге аманат. Алар ар тараптан биздин көңүл буруубузга муктаж.

Султанова: -“Кызга кырк үйдөн тыюу,”-деген сөзүбүз бар. Кыз-келечектеги апа, бир үй-бүлөнүн энеси. Ошол үчүн аларга болгон көзөмөл катуу болот. Аны катуу текшерип, көзөмөлдөсөк да өзүнө байкатпоо керек. Негизгиси кыз менен апанын ортосунда мамиле жакын болуп, ишеним да орун алса, баары жакшы болот. Баланы өтө катуу текшерүү да туура эмес. Ал мындан тажап, үйдөн таппаган сүйүүнү башка жактан издеп баштайт. Биринчиден, ата-эне менен баланын ортосунда сүйүү жана байланыш болушу керек. Баланы эркин коюп, ошол эле учурда ага байкатпай көзөмөлгө алуу сунушталат.

— Баланы катуу текшерүүгө алып, аны күн тартип менен көзөмөлдөө балдарга кедергисин тийгизбейби?

Дүйшөналиева: -Азыр жаштар “ата-энем мени түшүнбөйт” деп айтып калышат. Биз балдарга достой мамиле кылып, анын сөзүн оюн уга билишибиз керек. Балдардын жаш-курагы да маанилүү ролду ээлейт. Балдар белгиленген тапшырмаларды, күн тартибин аткаруусу үчүн бир эмес ар башка усулдарды колдонуу керек. Анткени бир түрдүү ыкма колдонгондо бала бат эле тажап баштайт.

— Балдарга күн тартибин түзүүдө ата-энелерге кандай сунуш бересиз?

Султанова: -Ата-эне балдарына күн тартибин бекитүүдө алардын уйку саатын биринчи кезекке коюу керек. Ата-энелер өздөрү түнкү саат 12 чейин уктабаса, балдарын да уктатпай отурганы туура эмес. Анткени алардын организми өсүп жатканы үчүн уйку аябай маанилүү. Ошол себептүү балдарды кечки тогуздан калбай уктатууну сунуштайм. Анткени бала бакчага айрым балдар уйкусу канбай келишет. Алар биз берген маалыматтарды да кабыл ала алышпай калат. Өзүмдүн тажрыйбамды айтсам, баламды 6 жарымда тургузуу  үчүн мен кечки тогуз калбай уктатам. Ал үчүн 8.00 аракет кылып, уктоого даярдык башталат.

Дүйшөналиева: -Окуучулар жана жалпы эле чоң адамдар саат 10 болгондо андан кеч калбай уктоосу керек. Анткени ондо уктоо эс алуунун эң эффективдүү учуру болорун окумуштуулар да айтышат. Мугалим катары айта турган болсом, биз балдарга күн тартибин түзүүдө берилген бир саатты эң эффективдүү пайдаланууга кызыкдар болуубуз шарт. Негизгиси, мугалимдер балдарды сүйүүсү керек. Ошондо балада кызыгуу пайда болуп, мугалимге да оңой болот.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache