Шашылыш кабар:

Надырбеков: Чет өлкөдө окугандар Көчмөндөр оюндарына жардам берүүгө кызыктар

Надырбеков: Чет өлкөдө окугандар Көчмөндөр оюндарына жардам берүүгө кызыктар
Кыска кабар
0

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги багыттары жана принциптери Этноспорт, Этномаданият, Илим жана Этнобилим болуп саналат. Дүйнөлүк олимпиадага альтернатива катары илим менен билим да тандалып алынды. Бул тармак жаңы багыт болгондуктан, аны жайылтуу максатында күз айларына чейин жогорку окуу жайлардын катышуусунда 50 конференция өткөрүлөт. Бул тууралуу илим жана инфраструктура боюнча ыктыярдуу кыймылдын координатору Союзбек Надырбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, так илимдердин кошулушу дүйнө элине Кыргызстанды таанытууга өбөлгө түзөт. Дил баяндар жазылып, симпозиумдар уюштурулат. Оюнду утурлай эле 61-эл аралык Алтай таануу коференциясы да өткөрүлөт.

«Чет мамлекетте билим алган окуучулар да жардам берүүгө кызыктар экенин айтышууда. Оюнга келгендердин саны көп болгондуктан улуттук жана эл аралык ыктыярчылар жылдагыга салыштырмалуу көп катталууда. Ондон ашык өлкөдөн ыктыярчыларды жиберүүгө сунуштар түштү», — дейт Надырбеков.

Маалыматка ылайык, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын күн түрүндөгү жаңыланган айдентикасы оюндардын концепциясын чагылдырып, ошондой эле дүйнө жүзүндөгү көчмөн элдеринин философиясын символдоштурат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache