Шашылыш кабар:

Абдесова: Көчмөндөр оюндарына катышууну каалаган ЖМК көп

Абдесова: Көчмөндөр оюндарына катышууну каалаган ЖМК көп
Кыска кабар
0

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруу комитететинде расмий түрдө 12 топ иш алып барууда. CNN, BBC, TRT сыяктуу чет өлкөлүк ири жалпыга маалымдоо каражаттарынан кайрылуулар келип, франциялык телеканалдар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү катчылыгынын орун басары Айжан Абдесова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ЖМК өкүлдөрүнүн айрымдарында болжолдуу программалары бар. Мурдагы оюндарда Аль-Жазира телеканалынын журналисттери Кыргызстан тууралуу жакшы роликтерди даярдагандыктан быйыл араб өлкөлөрүнөн келчү коноктордун саны өткөн жылдарга салыштырмалуу бир топко өскөн.

«Билеттер оюндун ачылышы жана жабылыш салтанаты үчүн гана сатылат. Келген коноктор калган иш-чараларга бекер күбө болушат. Иш-чаранын ачылыш аземи 3-сентябрда болот. Төрт күн боюу этнобазар, музыкалык шоу-программалар уюштурулуп, өлкөнүн 7 облусун тааныткан этношаарча курулат. Көчмөндөр оюунуна карата өзгөчө буюмдарды жасоо боюнча азем белектерди жасаган компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — дейт Абдесова.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 2-8-сентрябрь аралыгында өтчү III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата даярдыктар былтыркы жылдын декабрь айынын ортолорунда башталган. Ал эми эл аралык журналисттерди каттоо 15-мартта башталып, ал 15-августка чейин уланат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache