Шашылыш кабар:

Жолдошуңузду текшергенде туура суроо бериңиз

Жолдошуңузду текшергенде туура суроо бериңиз
Психолог сааты
0

«Марал» радиосу ар жуманын шаршемби күнү саат 16:00 «Психолог сааты» уктуруусун обого чыгарат. Анда Кыргызстандагы абройлуу «SEAR Psychology» психологиялык борборунун адистери Нурзада Нурбаева менен Диля Пазылова угармандардын түйшөлткөн суроолоруна жооп берет. Төмөндө сиздерге бул чыгарылыштагы суроолорго карата психологдун кеңешин сунуштайбыз.

— 19 жашта турмушка чыктым. Учурда 3 балам бар. Жолдошум башка кыздар менен жүргөнүн байкап жүрөм. Балдарым атасын жакшы көрөт. Туугандарым балдарың үчүн жаша дегенинен ажырашпай жашап жатам. Бирок жолдошумдун жасагандары мага тынчтык бербей келет. Ал эми кайненем жакшы адам, мени өз кызындай көрөт. Жолдошум үй-бүлөдө жалгыз уул. Кандай кеңештериңиз бар?

— Эң биринчи сиз өзүңүз үчүн жашаңыз. Сиз жакшы болсоңуз, балдарыңыз да өзүн бактылуу сезет. Үй-бүлө курууда түйгөйлөрдүн бири-бирине болгон ишеними абдан маанилүү. Психолог менен иштешкениңиз жакшы. Эгер азыр балаңыз үчүн жашасаңыз, келечекте балдарыныңыз сизди капалантса «силер үчүн атаңарга чыдап жашадым» деп милдет кылып, аларды күнөөлөө менен өмүрүңүз өтөт. Балага ата-эне менен бирге жашаганы абдан маанилүү. Анткени ата башка, эне өзгөчө тарбия берет. Жеткинчектердин көзүнчө жолдошуңуз менен менен урушуп, душмандык сезимиңиздин күчөшү балаңызга психологиялык сокку болот. Уруш менен чоңойгон өспүрүм кийин өзүнүн балдарынын алдында да аялы менен тартыша берет. Ал нормалдуу көрүнүш катары бааланып калат.

Мындан сырткары, балдарды же жолдошуңузду жашоонун негизги максат катары көргөнүңүз туура эмес. Аларды жоготуп алсаңыз жашагыңыз келбей калат. Андыктан максаттарды туура коюп үйрөнүңүз. Жашоодогу кыйынчылыктарды бат-баттан ойлоо менен көйгөйлөрдү чече албайсыз. Тескерисинче, өзүңүзгө оору арттырып аласыз. Түгөйүңүз менен кенешип, мурдагыдай жашоого бел байласаңыздар балдардын алдында үлгүлүү болууга аракет кылыңыздар. Же «өзүм жакшы болушум» керек деген чечимге келип, ажырашсаңыз анда балдарыңыз атасы менен жумасына 2-3 саат убакыт өткөрүүсүнө уруксат бериңиз. Жеке өзүңүз да жасаган кадамдарыңызды кабыл алыңыз. Кайра-кайра өткөн күндөрдү эстеп, тарых менен жашап калбаңыз. Такыр чечим кабыл ала албай жатсаңыз адистердин кеңешин да угуп көрүңүз.

— Кызым 14 жашта. Жолдошум менен ажырашып кеткендиктен ал мени апасы катары көргүсү келбейт. Эмне кыла алам?

— Кызыңыз өспүрүм куракта экен. Андыктан такай байланышып туруңуз. Кыздар үчүн атанын тарбиясы маанилүү. Кыздардын өзүнө баа берүүсү атасынан көз каранды. Алар өзүнө болгон ишенимди аталарынан алышат. Сиз дагы анын атасы менен кеңешип иш кылыңыз. Ажырашууларга түгөйлөрдүн бири-бирин жакшы тааныбай баш кошкону да себеп болот. Адам өзүн жакшы тааныса, башкаларды да жакшы түшүнөт. Бала 7 жашка чейин көргөн нерселеринин баарын аң-сезимине сактай берет. Ал өз алдынча ой жүгүртүп, чечимдерди кабыл алып баштаганда аң-сезимдеги маалыматтарды колдонот.

— Мен дагы жолдошум менен кайра жараштым. Бирок талаш-тартыштар дагы эле токтобой келет. Эмне кылсак?

— Үй-бүлөдө ата абройлуу болуп, апа жумшак сүйлөшү зарыл. Кандайдыр бир түшүнбөстүк же чыр чыкса, бала атасына кайрыла алгандай болсун. Бала ата-энелердин ортосундагы терс мамилени сезбеш керек. Түгөйлөр урушса дагы туура тартышканды үйрөнүшсүн. Мисалы, жолдошу кечигип келсе, аялы «кайда жүрдүң, саат канча» дегендин ордуна «мен кыжаалат болдум, баары жайында элеби, чалып кабар берип койсок жакшы болмок» дегени туура. Мындан сырткары, талаштын себептерин билиш керек. Бала менен болгон талашты ата дароо чечкени аракет кылганы жакшы. Ата-эненин урушун көргөн баланын интеллектуалдык жөндөмү жакшы жетилбей калат. Ошондой эле анда өзүнө болгон ишеним азаят. Бала ападан мээрим, атадан күч жана ишеним алат. Ага апа канчалык керек болсо, атанын орду да ошончолук маанилүү.

— Балам 3-класта окуйт. Тамакты нормадан көп жегендикен, толуп бара жатат. Уулумду капалантпай азыраак тамактанууга кантип көндүрө алам?

— Уулуңузду ал кызыккан спорт түрүнө жаздырыңыз. Балким, футбол, сууда сүзүү жана башка болушу мүмкүн. Аз тамактанууну балаңыз жакшы көргөн жол менен үйрөтүңүз. Өспүрүмдөр үчүн туура тамактануу башкы нерсе. Эртең менен бал, жаңгак, быштак сыяктуу азыктарды жегени оң. Балаңыз менен чогуу жумалык тамактардын тизмесин түзүңүз. Мындан сырткары, жеткинчегеңиздин саламаттыгын текшертип коюңуз. Балким витамин жетишпегендиктен көп тамактанышы мүмкүн. Уулуңузду туура таанууга аракет кылыңыз. Көп тамактанган баланын мээси маалымат кабыл алуунун ордуна азыкты сиңирүү менен алек болот.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache