Шашылыш кабар:

Жаш балдар таштандыга аралаш ойногон Новопавловка

Жаш балдар таштандыга аралаш ойногон Новопавловка
Айылдан сүйлөйбүз
0

«Марал» радиосунун «Айылдан сүйлөйбүз» программасынын бул жолку чыгарылышында Сокулук районундагы Новопавловка айыл өкмөтүндөгү көйгөйлүү маселелер талкууланды. Маалыматка ылайык, аталган аймактын тургундарынын документтери жок. Айыл өкмөт таштанды полигонуна жакын жайгашкандыктан балдар бат-баттан ооруп калат. Мындан сырткары, жергиликтүүлөр жолдордун да абалы начар экенин айтышкан. Айыл өкмөтүнүн ушул жана башка маселелерин аймак жашоочуларынан билип көрдүк. Уктурууну Түмөнбай Абдинаби уулу алып барды.

Новопавловка айыл өкмөтүнүн тургуну Айнура айым:

— Бул аймакта 2009-жылдан бери жашайм. Калк көп. Биз жашаган жердеги полигонго дагы эле таштанды ыргытышат. Полигонго 10-20 метр аралыкта жайгашкан үйлөр бар. Таштандылар ар жерде чачылып, тургундарга аябай ыңгайсыздык жаратат. Анын үстүнө ал жерде балдар да ойношот. Инфекциядан улам окшойт, бат-бат ооруп калышат. Жайында чымындар көбөйөт. Жергиликтүү өкмөт таштандыны тазалайбыз дегенсип, мамлекеттик экотехинспекция таштандылардын бетин жапканга аракет кылды. Новопавловкада жер саткандар «таштанды кичинекей эле жерде» деп калп айтышкан экен. Каттоого туруу боюнча документтик жагдайлар ЖК тарабынан айтылып, бирок чечилбей жатат. Турак жайлардын да кызыл китеби жок.

Новопавловка айыл өкмөтүнүн жашоочусу Бүчүр айым:

— Бул жерге келгениме 1 жарым жылдай болду. Өзүм студентмин. «Таштанды таштабагыла, айып салынат» деп жазылганы менен кечинде унаа менен келип, ыргытып кетишет. Таштандынын жанында балдар да ойношот. Баштыктар учуп жүрөт, аргасыздан өрттөөгө туура келет. Күйгүзгөндө ыш жыттанып чыгат. Бул жакта жашагандардын дээрлик көпчүлүгүнүн документтери жок экен. Жолдор жаман. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келип, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн көрбөдүм. Эл бири-бирине атаандашып ишембиликке да чыгышпайт.

Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы Нурболот Мырзакматов:

— Бул аймак айыл чарба багытындагы жер болчу. Негизи турак жай салынбашы керек эле. Мыйзам бузуулар болуп, жерлер сатылып кеткен. Новопавловка айыл өкмөтүндө жашагандарга зыян болбосун деп таштанды полигонун жаап салдык. Эми 2 жарым млн сом акча бөлүп, жаңы полигонду ишке киргизебиз. Азыркы полигон жайгашкан жер трансформация боло элек, андыктан түн ичинде таштанды ыргыткандарды көзөмөлдөөгө  мүмкүнчүлүк жок. Жаңы таштанды полигону нормага ылайык, эл жашаган аймактан 2 км алыстыкта жайгашат. Жерлерди трансформациялоо боюнча сунушталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 3 окуудан өтүп, бирок мындан 9 ай мурда каршы пикир менен кайтарылып келди.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын бөлүм башчысы Жолдош Нурмамбетов:

— Бул аймактагы таштанды полигонун 2016-жылдан бери көзөмөлгө алып келебиз. Азыр жаңы полигон үчүн жер бөлүнүп, долбоору даярдалууда. Май-июнь айына чейин курулуп бүтүп калат. Мурунку полигонду калыбына келтирип, толугу менен көмүп салабыз. Элге таштанды ыргытпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Таштынды полигону үчүн жер шамалдын багытына жараша аныкталат. Ал мыйзам боюнча, калк жашаган аймактан 500 мертден алыс аралыкта жайгашып, тегереги тосулушу керек.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache