Шашылыш кабар:

Кургак учуктун белгилери сасык тумоого окшош

Кургак учуктун белгилери сасык тумоого окшош
Дабагер
0

«Марал» радиосунун «Дабагер» уктуруусунун бул жолку чыгарылышында кургак учуктун алдын алуу жана аны дарылоо жолдору жөнүндө сөз кылдык. Суроолорго шаардык кургак учукка каршы оорукананын башкы дарыгери Кубанычбек Айдарлиев жооп берди. Ал эми уктурууну Мунара Турдубаева алып барды.

Дүйнө элинин 1/3 бөлүгүнүн 10 пайызы кургак учук менен ооруйт…

Кургак учук жакында пайда болгон оору эмес. Археологиялык изилдөөлөрдү карасак, канчалаган кылым мурда өткөн адамдардан да бул дарттын белгилери кездешет. Кургак учук жугуштуу оору болгондуктан, калк илдет тууралуу жетиштүү маалыматка ээ болушу зарыл. Дарттын ачык жана жабык түрлөрү бар. Ачык түрүн карасак, сүйлөшкөндө, чүчкүргөндө, ырдаганда, жөтөлгөндө каркырык жана шилекей аркылуу чачыраган кургак учуктун таякчалары болот. Булар адамга жугат, ошондуктан ачык түрү деп коёбуз. Ал эми жабык түрүндө, какырганда, чүчкүргөндө таякчалар табылбайт. Бирок жабык түрүнөн да оору жугушу мүмкүн. Дарт кургак учуктун таякчаларынын санына жараша аныкталат. Дүйнө жүзүндө адамдардын 1/3 бөлүгүнүн 10 пайызы кургак учук менен ооруйт. Алардын 5 % биринчи 4-5 жыл, калгандары өмүр өткөнчө жабыркайт. Калган 90% оорубайт.

Оорунун белгилери…

Кургак учуктун белгиси көп ооруларга тиешелүү, тактап айтканда, башка дарттын белгилерине окшош. Сезгенип, грипп болуп калганыбыз да кургак учуктун белгиси болушу мүмкүн. Бул дартка кабылгандар көп жөтөлүп, түнкүсүн дене табы көтөрүлүп, тамакка табити начарлай баштайт. Бейтап арыктап, өзүн жаман сезип, өпкөсүндө оору пайда болуп, кан түкүрүшү да мүмкүн. Жалпы белгилер пайда болгодо эки жуманын аралыгында жөтөл кетпесе, сөзсүз түрдө ооруканага кайрылып, кургак учук боюнча текшерүүдөн өтүш керек. Бул абдан маанилүү. Тургундар көпчүлүк учурда дарт өтүшүп кеткенде кайрылат. Ага чейин өз алдынча дарыланып, бир аз жылыш байкалса, сакайдык деп жүрө беришет. 5 жашка чейинки балдар аталган ооруга бат чалдыгат. Андыктан балдарды убагында эмдетиш керек. Иммунитет төмөндөп кеткенде кургак учукка кабылуу коркунучу жогору. Аны көтөрүш үчүн тамакты жакшы ичиш керек.

Кургак учук акысыз текшерилет…

Кургак учукту рентген менен текшерет. Андан сырткары, какырыктын калдыгын микроскоп аркылуу карап, кургак учуктун таякчаларын табууга болот. Жаңы аппараттар пайда болду, аны менен эки саатта анализдерди алууга болот. Алыскы аймактарда үй-бүлөлүк медициналык борборлордо дартты аныктоого шарт түзүлгөн. Аталган медборборлор туура аныктай албаса, облустук ооруканаларга кайрылышса болот. Текшерүүлөр “Кургак учук жөнүндөгү” мыйзамга ылайык, акысыз жүргүзүлөт. 1990-жылдары кургак учукка кабылгандардын саны кескин өскөн. Көрүлгөн чаралардын негизинде бул дартка чалдыккандардын саны жыл сайын кыскарып барат. Ошого карабастан Кыргызстан дүйнөлүк тизмеде алдыңкы орунда турат. Мамлекет тарабынан көбүрөөк көңүл бурулса жакшы ийгиликтерге жетишебиз. Себеби азыр кургак учуктун туруктуу түрү пайда болуп, ага дары-дармек алуу өтө татаал. Дарылар кымбат тургандыктан мамлекет колдоо көрсөтпөсө, кургак учук кооптуу көйгөйлөрдүн бирине айланышы мүмкүн. Себеби дарылардын баарын Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо борборлорунан, тагыраагы, сырттан алып жатабыз.

Кургак учуктан толук айыкса болот…

Туура эмес дарылангандыктан же дарттан толугу менен кутула электе дарыларды токтотуп койсо, кургак учук туруктуу түргө өтүп кетет. Бул оорунун туруктуу формасы менен жабыркаган бейтаптардын көпчүлүгү дарыланышпайт. Алсак, селсаяктар бар. Алардан тараган таякчалар башкаларда дароо эле кургак учуктун туруктуу түрүн пайда кылат. Айрымдар жашоо шартын, ар нерсени шылтоолоп толук дарыланбай коёт. Элдик табыптар дагы кургак учукту дарылоого чоң зыян тийгизет. Чет өлкөдөн келгендердин көпчүлүгү оорунун туруктуу туру менен жабыркашат. Кургак учуктун ачык түрү менен ооруган эне баласын эмизгенге болбойт. Анткени наристеге да жугушу мүмкүн. Эгер бейтап убагында дарыгерге кайрылып, дарыларды туруктуу колдонсо, кургак учуктан толук айыгат. Дарыланбай кетип калса аталган дарттын туруктуу формасына чалдыгат. Илдеттин бул түрүн дарылоого  24, 18-19, 2 жыл убакыт кетет. Дарыланып баштаганда дарттын таякчаларынын күчү кете баштайт, натыйжада башкаларга жугуу коркунучу азаят. Бирок ага да кепилдик жок.

Көчөдө жүргөн оорулуу кургак учукту жылына 10-15 кишиге жуктурат…

Бейтаптарга өзүн кандай алып жүрүш керектигин, какырып, түкүргөндө кандай кылышын айтып, келген туугандарына бейтапка колдоо көрсөтүшү зарыл экенин түшүндүрөбүз. Оорулууларга жана алардын жакындарына психологиялык колдоо көрсөтүп турабыз. Бизге кургак учук менен жабыркап келген оорулуулардын шарты кандай болбосун аларды кетирбегенге аракет кылабыз. Себеби көчөдө жүргөн оорулуу жылына 10-15 кишиге кургак учукту жуктурат. Дартка чалдыгып кайрылгандардын үй-бүлө мүчөлөрүн да текшерүүгө алабыз. Эгер үй-бүлөдө бир киши кургак учук менен ооруса калгандары да ооруп калуу ыктымалдуулугу жогору. Бейтаптын какырыгынан таякча табылбай калганда үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна жиберебиз. Ал жерде 6-8-10 айга чейин дарыланса болот. Эгер рентгенге түшкөндө өпкөсүндө көп жылыш болбосо, бейтапты эки ай толук дарылайбыз. Анда да сакайбаса толук айыгып кеткенче биздин борбордо болот. Дары ичмейинче оорудан сакайып кетпейт. Жакшы тамактанбаган кишиге дарылар толук таасир бере албайт. Белгилер байкалса дароо дарыгерге кайрылышсын. Кургак учук менен чогуу күрөшпөсөк, аны жеңүү кыйын. Бул илдетке кабылгандар үчүн жакындарынын, кошуналарынын мамилеси, колдоосу абдан маанилүү.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache