Шашылыш кабар:

Иманалиев: Ишкерлердин 20% бизнес-ассоциацияларга бириккен

Иманалиев: Ишкерлердин 20% бизнес-ассоциацияларга бириккен
Кыска кабар
0

Ишкерлердин ички дүң продукцияга кошкон салымы көтөрүлүп жатат. Алардын 80 % жеке өзү иш алып барса, 20 пайызы бизнес-ассоциацияларга бириккен. Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бизнес-ассоциациялар ишкердин дараметин жогорулатууга жол ачат. Ишкерлерди милдеттүү түрдө ассоциация киргизүү маселеси каралган. Бирок өлкөдөгү бизнес- ассоциациялардын көпчүлүгү талаптарга даяр эмес. Алар регионалдык ишмендүүлүктү күчөтүшү зарыл. Анткени ишкердикти түшүндүрүү, колдоо жагы региондордо аксап калууда.

«Өкмөт бизнести колдоодо инвестиция тартуу, бизнес климатын түзүү жана башка бир нече тармакта иштерди алып барууда. Эл ишениминин индекси жылдан-жылга жогорулап бара жатат. Бул Өкмөттүн жүргүзгөн саясатынын жемиши. Эки тараптуу диалогду чыңдоо максатында «Кырк кадам» программасында ишкерлерге көбүрөөк укук берүү каралган,» — дейт Иманалиев.

Ал ошондой эле, орто жана чакан бизнес кризистик кырдаалдарга туруктуу келип, региондорду өнүктүрүүгө чоң салым кошоорун белгиледи.

Маалыматка ылайык, бизнес омбудсменини түзүү демилгеси көтөрүлгөн. Бирок бизнес- ассоциациялар буга каршы чыгышкан.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache