Шашылыш кабар:

Ашыркулов: Өкмөткө өз алдынча иштеген ишкерлердин көйгөйү жетпейт

Ашыркулов:  Өкмөткө өз алдынча иштеген ишкерлердин көйгөйү жетпейт
Кыска кабар
0

Өкмөт менен бизнестин ортосундагы диалог толук кандуу иштебейт. Күтүлбөгөн жерден мыйзамдарга өзгөртүүлөр кирип, пикир алмашуулар болбой калат. Мындай оюн Кыргыз Өкмөтүнүн алдындагы бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча Кеңештин мүчөсү Кубан Ашыркулов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өз алдынча иштеген ишкердин көйгөйү Өкмөткө жетпейт. Чакан ишканалар өз укуктарын жакшы коргой албагандыктан аларды чоң бизнес-ассоциацияларга бириктирүү каралууда. Өлкөдө 100 бизнес ассоциация болсо, алардын жыйырмасы гана активдүү  иштейт. Бизнес-ассоциациялардын өнүгүшүн караш керек.

«Ишкерлер салык кызматынын жана социалдык фонддун маселелерин айтып көп кайрылышат. Кайрылган маселелердин 78% чечилди. Ал эми 15 пайызын чечүү боюнча иштер жүрүп жатат. Социалдык төлөмдөрдү салык инспекциясына өткөрүп берсе, мамлекет ресурстарын үнөмдөмөк. Анткени экөө тең бир эле нерсени текшерет. Реформалар болгону менен толук ишке ашпай жатат,» — дейт Ашыркулов.

Анын белгилегени боюнча, бизнес тармагында жүргүзүлгөн документ иштерин электрондок түргө өткөрүү жакшы. Бул бардык маселени чечет дегенге жатпайт. Бизнеске тоскоол кылып алуудан коркуш керек.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache