Шашылыш кабар:

Каржылык сабаттулук боюнча мектептерге сабактар киргизилет

Каржылык сабаттулук боюнча  мектептерге сабактар киргизилет
Эколикбез
0

Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы боюнча «Эколикбез» программасында Улуттук банктын финансылык сабаттуулук секторунун жетекчиси Эмир Бообеков,  Өнүктүрүү саясат институтунун өкүлү Гузель Жаналиева жана Bishkek Park соода борборунун маркетинг бөлүмүнүн директору Батма Казакбаевалар маалымат беришти.

Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы 12-18-мартка чейин  өтүп жатат. Эң негизги максаты жаштардын каржылык сабаттулугун жогорулатуу. Бул апталык  Кыргызстандын аймагында  өтүп жатат. Анын алкагында мектептер ачык сааттар, Университеттерде атайын лекция, тренингдер дагы уюштурулган. Буга кошумча жумалыктын алдында дагы атайын сынактарды жарыялаганбыз. Бүгүнкү күнү анын жыйынттыра дагы келип түшүп жатат. Буларга сүрөт тартуу, эссе жазуу жана мектептердин бюджети аттуу дагы сынак киргизилген. Андыктан жумалыктын алкагында өтүп жаткан иш чаралардын чоң тизмеси бар.

Быйылкы жылы катышуучулардын, уюштуруучулардын саны дагы көбөйдү. Бул иш чараны колдоого алган банк жана уюмдардын саны 30 дан ашты.  Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы Кыргызстанда төртүнчү жолу өтүп жатат.  Анын алкагында иштер жумалыкты утурлай эле башталган. Буларга улуттук күрөттөр сынагы ал  «Акча маселеси маанилүү маселе»  деген аталышта болду. Мындан тышкары Улуттук сомубуздун 25 жылдыгына арналган дагы сынак өттү. Анын жыйынттыра акча жумалыктын алкагында Г.Айтиеев  атындагы сүрөт музейинде өтөт.

«Бишкек парк» соода борборунда жаш ишкерлер өз продукцияларын сатууга чыгарат. Ишкерлердин жаш курагы 3-16 жашка чейинкилер түздү. Жарманкенин шарты боюнча балдар таптан акчасынын 10 пайызын кайрымдуулукка берет. Дагы 20 пайызы өзүнүн келечегине калтырат. Калагынын өзүнүн керектөөсүнө жумшайт. Ошондой эле иш чаранын алкагында белгилүү ишкерлер менен сынактарга катышышат.

Биз азыркы учурда 2020-жылга чейин финансылык сабаттуулук боюнча элементтерди мектептик программаларага киргизүү каралып жатат.  5-11-класска чейин сабактарды өтүү пландаштырылган. Азыр билим берүү министрлиги менен иштеп жатабыз . 2020-жылга чейин балдар финансылык сабаттуулук боюнча билим алып калышат.

 

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache