Шашылыш кабар:

Түркияда кыргызстандык кыздын сөөгү табылды

Март 20th, 2018 | by Бахар Хакимова
Түркияда кыргызстандык кыздын сөөгү табылды
Кыска кабар
0

Түркиянын Денизли провинциясынын Памуккале районунда Кыргызстандык жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, 26 жаштагы Ы.Ж аттуу кыргызстандык жаран денесинен алган катуу жаракаттан улам көз жумган. Анын боору, өпкөсү катуу жабыркаган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кырсык тууралуу кенен маалымат алуу үчүн телефон аркылуу Денизли провинциясынын тийиштүү органы менен байланышкан. Кыздын сөөгү Памуккале университетинин ооруканасындагы моргго киргизилген.

Башка маалыматтар боюнча кыргызстандык кыз жол кырсыгынан жабыркашы да мүмкүн экени айтылды.

Учурда маркумдун туугандары изделип жатат.

Comments are closed.