Шашылыш кабар:

Молдокматов «Замандаш» партиясынын төрагасы болуп шайланды

Молдокматов «Замандаш» партиясынын төрагасы болуп шайланды
Кыска кабар
0

Жеңиш Молдокматов «Замандаш» саясий партиясынын төрагасы болуп шайланды. Мындай чечим партиянын 17-мартта өткөн кезектеги XII съездинде кабыл алынды.

Съездде үч маселе каралганын Жеңиш Модокматов «Марал» радиосуна кабарлады. Анын бири «Замандаш» партиясында буга чейин теңтөрагалык башкаруу болсо, жаңы уставга ылайык бир төрагалык башкаруу институтун киргизүү сунушталган.

Жыйынтыгында партиянын саясий кеңеши, съезддин делегаттары жаңы долбоорду кабыл алып, партиянын лидери катары Жеңиш Молдокматовду бир добуштан шайлаган.

Эске салсак «Замандаш» саясий партиясы 2007-жылы мамлекеттик каттоодон өткөн.

Comments are closed.