Шашылыш кабар:

Артыков: Өкмөт «акулаларды» кармашы керек

Артыков: Өкмөт «акулаларды» кармашы керек
Күн чекит
0

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясы кылмыштуулук менен күрөшүү жана бизнестин коопсуздугун камсыз кылуу жаатында көрүлүп жаткан чаралар боюнча өкмөттүн баяндамасын канааттандырарлык эмес деп баалады. Ишкерликти кылмыштуулуктан коргоо боюнча аткаруу бийлигинин иши тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Анвар Артыков менен маектештик.

Марал: КСДП вице-премьер-министр Дайыр Кенекеевдин кылмыштуулук жана ишкерликтин коопсуздугу боюнча баяндамасын канааттандырган жок. Бул чечим эмнеден улам кабыл алынды жана өкмөттүн бул жаттагы ишине сиз кандай баа бересиз?

Анвар Артыков: Биз өкмөттүн ушул багытта алып барып жаткан ишин караганда көбүнчө статистикага көңүл буруп жатабыз. Бирок статистика дагы өкмөттүн пайдасына эмес. Канча кылмыш иши ачылды, канча кылмыш иши сотко жетти деген жагдайлар каралат. Бирок 500 сомдон уурдаган 1000 киши колго түшүшү мүмкүн. Ошол эле учурда бир эле киши миллиарддаган каражат уурдаган болушу мүмкүн. Демек сапатына карашыбыз керек. Коррупция десе эле майда-чүйдө кылмыштардын бетин ачуу эмес, ири акулаларды кармаш керек. Андайлар толуп жатат. Муну элдин баары эле билет.

Мисалы учурда депутаттык комиссия ЖЭБди текшерип жатат. Ал жерде далай акчанын чуусу чыгып жатат. ЖЭБдин мурунку директору бир топ фактыларды ачыкка чыгарып салды. Эми ошолор айтылгандан кийин аягына чыгышыбыз керек да. Бир жерден бир миллион каражат уурдалган болсо аны бир эле киши ишке ашырбайт. Аны коргогону бар, артында колдоп турган кишиси бар дегендей. Бул схеманы таап, башынан аягына чейин тазалашыбыз керек. Коррупциядан ошондо гана бир аз кутулабыз.

Марал: Экономикалык кылмыштарга каршы кызматы 2016-2017-жылдары 3807 кылмыш ишин козгосо, анын 23 пайызы гана сотко жетип, ар бир 5 иштин дээрлик төртөө сотко жетпей калганы ачыкталган. Бул көрсөткүч эмнени билдирет?

Анвар Артыков: Ушунча иш козголуп, анын көбүнүн сотко жетпей калышынын себептери сабатсыз деле кишиге белгилүү. Иш козгогондордун тилин таап, орто жолдон ишти жаап коюшкан да. Менин оюмча бул жерде иш мыйзамсыз козголгон, болбосо козголгондон кийин бир нерсе алып ишти жаап койгон.

Марал: КСДП өкмөттүн бул тармактагы ишин сапатсыз деп баалады. Эми депутаттар тарабынан айтылган сындар сөз боюнча эле калып калбайбы?

Анвар Артыков: Негизинен көптөгөн сунуштар болду. Фракция чечим кабыл алганда дагы айтылган сын-пикирдин баары жазылмай болду. Жакында эми өкмөттүн отчету болот, ошондо бул маселени кеңири карайбыз. Бүгүн болсо өкмөт мүчөлөрү үстүртөн эле даярданып келиптир. Конкреттүү иштер жок. Ал эми КСДП депутаттары активдүү катышып, эч ким четте турган жок. Эми өкмөт ушундан тыянак чыгарып, отчет бергиче мындан ары кандай иш алып барышат суроолорго жооп берет деген үмүт бар.

Comments are closed.