Шашылыш кабар:

Баланы башкалар менен салыштырган туура эмес…

Баланы башкалар менен салыштырган туура эмес…
Ата-эне сааты
0

«Марал» радиосунун «Ата-эне сааты» программасынын бул жолку чыгарылышында психолог Асел Аманова менен агрессия жана суицид темасынын алкагында сөз кылдык. Берүүнү Айзат Үсөнгүл кызы алып барды.

Өспүрүмдөрдү жаштайынан өз оюн ачык айтууга үйрөтүш керек…

Агрессия жаш балдарда эмес, чоң кишилерде да көп кездешет. Буга жашоонун өзгөрүшү себеп болууда. Жашоонун ритми менен кошо эс алуу, уйку режимдери бузулгандыктан, физиологиялык жактан таасир этип кишинин агрессивдүү болуусуна турткү болот. Агрессивдүү жүрүм-түрүм адамдын негизги өзгөчөлүгү, ошону менен катар психологиялык жактан кандайдыр бир өнөкөт оорулардын себеби болот. Баланын мээсине доо кетсе, же болбосо эненин курсагында болгон кезде кандайдыр бир инфекциялык жактан оорулар болсо, ошого карап  тыянак чыгарса болот. Аны менен катар үй-бүлөдөгү «климатка» да көңүл буруу зарыл. Себеби ата-эненин балага, инсанга болгон мамилесине карата түрткү берип турат. Үй-бүлөдө ата-энелердин ортосунда мамиле начар болгондуктан агрессия, уруштарды жаштайынан көргөн бала бала бакча, мектепке барганда  жинденип, үйдө үйрөнгөнүн окуудан көрсөтөт. Мисалы бир нерсе жакпай жатканын сөз менен айтуунун ордуна, досторун тиштеп алат. Ошондуктан өспүрүмдөрдү жаштайынан өз оюн ачык айтууга үйрөтүш керек.

Суицид дагы агрессиянын бир түрү…

Агрессиянын категорияларына токтолсок, биринчиси – керектүү агрессия. Мында адам кыжырдануусун сезип турганда, сыртка чыгарууга туура келет. Мындан сырткары, ата-энесинин өнөкөт оорулары болсо, ошол түздөн-түз байланыш болот. Тагыраак айтканда, тубаса агрессия. Бала  ата-энеси, жакындары коомдо өздөрүн кандай алып жүрөөрүн байкап, аны норма катары кабыл алат. Анын сырткары, агрессияга эмоциялык процесстер да таасирин берет. Алсак бала үйдө болуп жаткан эмоцияны сөзсүз түрдө сыртка чагылдырат. Суицид дагы агрессиянын бир түрү. Баланын өз денесине залака келтирүүсү, кандайдыр бир себептер менен өзүн-өзү күнөөлөй бериши агрессиянын түрү. Түз жана кыйыр агрессиялар болот. Ал эми бала кыжырданып, жинденгенин сөз менен  көрсөтүүсү агрессиянын вербалдык түрү. Ошондой эле, балдар арасындагы мушташтар агрессиянын физикалык түрүнө кирет. Символикалуу агрессияда бала сөз менен айтып коркутуп, шарттарды коёт.

Виртуалдык дүйнө менен жашап көнгөн киши реалдуу жашоодон алыс болуп калат….

Баланы кичинекей кезинен бир режимге көндүрөбүз. Бирок кийинчерээк көңүл бурууга жетишпей, сыналгынын жанына отургузуп же колуна телефон карматып коёбуз. Ошондуктан өспүрүмдөр эмнени көрүп жатканын көзөмөлгө алыш керек. Себеби алар өздөрү жакшы менен жаманды айырмалай алышпайт. Виртуалдык дүйнө менен жашап көнгөн киши реалдуу жашоодон алыс болуп калат. Кабыл алуусу, өзүн алып жүргөнү өзгөрөт да эмоциялык жактан эч кандай стабилдүү болбой калат.

Өспүрүм курдаштарына көрсөткөн агрессияларды чоңойгондо ата-энесине көрсөтөт…

Ата-эне кандай тарбия берсе, балдары ошондой чоңоёт. Баланы урушпай, алардын каалаганын аткара берүү да туура эмес. Анын ар бир айтканына колдоо көрсөтө берсек, ал “мени баары сыйлап, урматташы керек” деген түшүнүк менен чоңоёт. Мектепке барганда да мугалим, классташтары менен эсептешип мамиле кылып калат. Мындайда мамилесине карата жооп алат дагы жумшак алакага көнгөн бала кайра жооп кайтара албайт. Натыйжада балада кыжырдануу пайда болот. Бала катуу мамилеге, башкача шартка түшүнүгү жок болуп чоңойгондуктан агрессияга кабылат. Ошондуктан баланы коомдон алыс кармап, чегинен чыгарып бапестеп кароонун да зыяны тиет. Бала жаштайында курдаштарына көрсөткөн агрессияларды чоңойгондо ата-энесине көрсөтөт. Ата-энелер ар дайым балдарынын тарабын талаша берсе, өспүрүмдөрдөрдө “агрессия аркылуу коркутуу менен каалаган максатыма жете алам” деген ой калыптанып калат. Бул сөзсүз түрдө ата-энеге таасирин тийгизет. Ошондуктан кичинекейлер урушканда ата-энеси болушканы туура эмес. Бала талашып, тартышып жүрүп, башкалар менен мамиле курганды үйрөнөт. Айлана-чөйрөдөн коргоп, аябай назик мамиле көрүп чоңойгон бала коомдо кыйналат. Бул өнөкөт ооруларды арттырып алууга себепчи болот.

Баланы башкалар менен салыштырган туура эмес…

Баланы башкалар менен салыштыруу сунушталбайт. Анткени ар бир бала өзүнчө өзгөчө. Ал бир сабакты жакшы окуй албаса экинчисин мыкты өздөштүрүшү мүмкүн же элде жок талантка ээ чыгар. “Сен баарынан кыйын болушуң керек, күчтүү оку” деп балага милдет коюунун, аны кыйнагандын кереги жок. Балким балаңыз окууга эмес музыкага шыгы бар. Ошондуктан башкалар менен салыштырганда бала өзүнөн канаатанбай, “эмне кылсам ата-энеме жагам” деп көп түйшөлөт. Андай өспүрүмдөр өз оюн ачык айта албай башка адамдардын оюу менен жашап калат. Андыктан ата-эне биринчи кезекте өзүнө баа берип, андан соң балага болгон мамилесине маани бериши зарыл.

Жөндөн-жөн тыюуларды коюу дагы балдардын кыжырын келтирет…

Балдарга агрессиняны кандайдыр бир нукка буруп кетүүгө үйрөтүш керек. Ал үчүн балынын оюн угуп, аны кыжаалат кылган санаалардан арылтуу зарыл. Көйгөйдүн көпчүлүгү үй-бүлөдөгү, туугандарынын арасындагы мамиледен көз каранды. Өспүрүмдүн айлана-чөйрөсүндөгү адамдардын жүрүм-туруму жана башкалар комплекстүү түрдө чогулуп отуруп баланын көз карашын өзгөртөт. Жалаң гана уландар эмес кыздар да өспүрүм кезинде эмоционалдык жактан стабилдүү болушпайт. Бул учурда аларга аяр мамиле жасап, колдон келишинче жумшак сөз менен түшүндүрүш керек. Жөндөн-жөн тыюуларды коюу дагы балдардын кыжырын келтирет. Жаштарга дагы чоңдордой мамиле кылып, алардын пикирин эске алсак, балдар өзүн керектүү сезе баштайт.

Өспүрүмдөр арасындагы суицидге мектеп жана үй-бүлөдөгү мамиле чоң таасир берет…

Өспүрүмдөр арасындагы суицидге мектеп менен үй-бүлөдөгү мамиле чоң таасир берет. Мектепте мугалимдер окуучуларга жиндениши мүмкүн. Бул анын кесипкөй эместигинен кабар берет. Жашоо шартка же жумуштагы көйгөйлөргө байланыштуу мугалимде да агрессия пайда болот. Ошентсе да мугалим окуучуларга мамиле курууда жеке жашоодогу көйгөйлөрү таасир бербеши зарыл. Анткени бала мугалимден көп  нерсе алат. Байкасаңыз, кээде ата-энесинин сөзүн укпагандар мугалимдердин айткандарын эки кылбайт. Эгер окутуучу жасаган жумушунан рахат ала албаса бара-бара тажайт. Аны менен окуучуларга болгон ымала да өзгөртөт. Ошондуктан мугалимдик кесиптин кадырын көтөрүп, окутуучулар жумушка келгенде жеке көйгөйлөрүн унута тургандай шарт түзүп бериш керек. Окуучу менен мугалимдин ортосунда комплекстүү жана системалуу жумуш болуш керек.

Өз жанын кыюуга себеп болгон факторлор…

Сырткы агрессиянын бир түрү бул – суицид. Тагыраак айтканда, адамдын өзүнө-өзү кол салуусу. Агрессиянын пассивдүү түрүндө балдар сөз же кыймыл аракет менен коркутуп, мамиле аркылуу көңүл бурдуруу болуп калат. Ал эми активдүү түрүндө түздөн-түз өз жанын кыйганга барышат. Суицид мурдатан бери келе жаткан көйгөйлүү маселе. Бул тууралуу ЖМКларда көп материалдарды табууга болот. Мындай маалыматтар балдарга жеткиликтүү, тагыраак айтканда балдар өз алдынча да окуй алат. Суицид тууралуу кабарларды көп окуган өспүрүмдөр өз жанын кыюуга кызыгат. Балага өз жанына кол салуунун кесепетин, анын артында ата-энеси эмне болоорун  түшүндүрүп койгон оң. Балага болгон ишенимди билдириш, “сага ишенем, жаман жолго барбайсың “ деш керек. Андан сырткары бала өзү чечим кабыл алганды үйрөнсө өнөкөт нерселерден алыс болтот. Бала тарбиялоодо ата-эне, мамлекет, ЖМКлар да маанилүү роль ойнойт.

Эгер бала ата-энеси тарабынан көп кемсинтилсе суицидге барышы ыктымал…

Балдарда суициддик абалдын пайда болушун байкоого болот. Алар өзү менен өзү болуп, маанайы өзгөрүп калат. Өз оюн айтуудан баш тартып, бекинип жүрө берет. Мындайда өспүрүмдөрдү дароо сөзгө тартканга аракет кылыш керек. Кыжырдануусу, кыжаалат болуусу топтолгон балдар үйлөнгөн шар сыяктуу болуп калат. Шарга жел толуп отуруп, бир күн жарылат. Ошондуктан балдар менен баарлашып, алардын агрессиясын чыгарыш керек. Ошондо гана туура нукка түшүп, жакшы нерселерди жасаганга киришет. Мындан сырткары, баланын агрессиясын чыгарууда аларды спорт менен машыгууга үндөгөн жакшы. Ата-эне баланын досторуна да көңүл буруп, алар менен убакыт өткөрүүсүнө да уруксат бергени жакшы. Суидцидге социалдык фактор да себеп болот. Алсак, айрым жалгыз бой энелер балдарынын курсагын тойгузуу үчүн иштеп жүрүп, алар менен сүйлөшүп отурганга көп мүмкүнчүлүк таппай калат. Учурда окуучулар бири-бирин кийген кийимине карап баа берип, кемсинтип койгон учурлар да болот. Кемсинген балада кыжырдануу пайда болот да үй-бүлөдөгү абалды, апасынын кыйналганын көрүп, көйгөйлөрүн чече албайт. Мындайда баланын агрессиясы күчөп, өз жанына кол салууга чейин барышы мүмкүн. Толук үй-бүлөдө чоңойгон бала дагы эгер ата-энеси тарабынан көп кемсинтилсе суицидге барышы ыктымал.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache