Шашылыш кабар:

Дени сак коом үчүн энелердин саламаттыгы маанилүү

Дени сак коом үчүн энелердин саламаттыгы маанилүү
Дабагер
0

«Марал» радиосунун «Дабагер» уктуруусунун бул жолку чыгарылышында эне жана баланын ден-соолугу тууралуу сөз кылдык. Суроолорго шаардык №4 үйбүлөлүк медициналык борборунун даарыгери акушер-гинеколог Айнур Рыскулова жана педиатр Мира Ибраимова жооп берди. Ал эми уктурууну Мунара Турдубаева алып барды.

Кыздын дени сак эне болушу анын апасынан көз каранды…

Келечекте эне болгусу келген кыздар турмуш куруп, бала боюна бүткөндөн тарта жаңы төрөлө турган баласынын ден соолугун ойлоп, убагында тамактанып, такай дарыгердин көзөмөлүндө болуш керек. Эгерде мындай аракеттер өз убагында аткарылбаса энеден төрөлгөн балдардын ден соолугуна коркунуч туулушу мүмкүн. Башкача айтканда, бир кыздын келечекте жакшы эне болушу өз энесинен көз каранды. Ал эми 15-16 жашка чыгып калганда мектептерде дарыгерлер тарабынан атайын уюштурулуп турчу сабактарга катышып, айыз кандай келет жана өздүк гигиенаны кандай сакташ керектиги тууралуу толук кандуу маалымат алуулары абзел. Ошондой эле, көбүнчө 17-18 жаштагы өспүрүм кыздар арасында айыздын бузулусуна байланыштуу ооруулар кездешкендиктен, бул курактагы кыздар бир жыл бою дарыгердин көзөмөлүндө болуп, улам текшерилип турганы оң.

Аялдар арасында көп кездешкен оорулар…

Айыл жергесинде жана алыскы аймактарда кыз-келиндер арасында көбүнчө кан басымдын жогорулашы жана жыныстык органдардын ар кандай оорулары басымдуу болот. Буга төрөгөндөн көп өтпөй кайра кош бойлуу болуп, дарыгерден уруксат албай эле өз алдынча дары-дармек колдонгондору себеп болууда. Алар боюна бүткөн кезде көпкө чейин дарыгерге кайрылбай, 12 жума аралыгында каттоого турбай төрөткө жакын келишет. Акыркы убакта үй-бүлөлүк борборлордо оорунун алдын алууга көп көңүл бурулуп жатканы менен дарт өтүшүп, 7-8 жылдан кийин кайрылгандар бар. Онколог дарыгерлердин айтымында, көкүрөк рагына кабылгандар орто курактагылар эле эмес, келечекте эне боло турган кыз-келиндердин арасында дагы кездешип жатканы кейиштүү. Мындай көрүнүштөр үй-бүлөлүк маселелерден же болбосо турмуш-шарттын оордугунан улам болушу мүмкүн. Ал эми шаарда болсо, аялдардын көпчүлүгү эне болоор алдында эле үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна кайрылып,  анализ тапшырышып, кан басымын текшертип, дарыгердин көзөмөлүндө болушат.

Баланын толук кандуу өсүп-өнүгүсүү үчүн…

Эне кош бойлуу кезинде, өзүн абайлап, этияттык менен алып жүрүшү керек. Гигиеналык жактан өзүн таза алып жүрүп, бир күндө 4 жолу тамактанып, «Фолиевая кислота», «Йодамарин» өңдүү дарыларды ичсе, балага да  жардам берет. Бирок акыркы кезде инфекциялык ооруларды жуктуруп алып, аз кандуулук менен жабыркаган энелер арбын болгондуктан, салмагы 2 же 2 жарым килограмм болуп төрөлүп калган балдар көп кездешүүдө. Ошондой эле, кош бойлуу аялдар туура тамактанбай, бат-бат жинденип стресске кабылып, депрессия болгону да курсактагы балага терс таасирин тийгизет. Мындай учурларда атанын ролу да өтө чоң мааниге ээ. Анткени бул жарык дүйнөгө келе турган перзентинин ар бир профилактикасына барып, аялына моралдык жактан жардам берсе, жубайынын көңүлү көтөрүлүп, түйүлдүктөгү баланын пайдубалы да жакшы түптөлөт. Төрөлгөн наристенин салмагы эки жашка чыкканга чейин жеген тамак-ашынан көз каранды. Мисалы, балага атайын тамак-азык катары күрүчтөн же сулуудан ботко жасап бериш керек. Мөмө-жемиштерди, жашылчаларды жана балык, жумуртка, буурчак сыяктуу азыктарды жедирсе болот. Норма боюнча наристелер күнүнө 8 жолудан кем эмес эне сүтү жана 5 ирет кошумча тамак менен камсыз болушу керек. Ар ай сайын дарыгерге кайрылып,  баланын салмагын жана өсүшүн көзөмөлдөп туруу дагы кем болбойт.

Дени сак эне-дени сак коом дегендей…

Келечекте эне боло турчу кыз-келиндер боюна бүтөрдөн мурда жолдошу менен пландаш керек. Төрөгөндөн кийин баланы 2 жыл эне сүтү менен камсыз кылып, андан соң өзүнүн ден соолугунун калыптануусуна кам көрүшү керек. Ата-энелер тамеки, алкоголдук ичимдиктен алыс болушсун. Ооруп же сыркоолоп калса, дарыгердин уруксаты менен гана дары-дармек колдонуп, көзөмөлдөн өтүп турушу шарт.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache