Шашылыш кабар:

Улуттук банк жарандарга насыя бербейт

Улуттук банк жарандарга насыя бербейт
Эколикбез
0

6-мартта Улуттук банк 26 жашка толду. Улуттук банктын тарыхы дагы Кыргызстандын эгемендүүлүгүнөн башталган.  1992-жылы 6-мартта Жогорку Кеңештин токтому менен Кыргызстандын мамлекеттик  банкы болуп Улуттук банк түзүлгөн. Ал мамлекеттин менчигинде турат. Банкынын негизги милдеттери тууралуу  Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева «Эколикбез» программасында айтып берди.

Улуттук банк пайда табуу максатын көздөбөйт

Улуттук банктын негизги укуктары, максаты, аткаруучу милдеттери жана ыйгарым укуктары КР конституциясында  жана  2017-жылы кабыл алынган банк жана банктар иши жөнүндөгү мыйзамда камтылган.

Анда Улуттук банк пайда табуу максатын көздөбөйт.  Өлкөнүн борбордук  банкы аттуу юридикалык жак болуп мамлекеттик каттоодон өткөн.  Мыйзамга ылайык, Улуттук банк менен мамлекет өз ара бири-биринин милдеттемелерине жооп бербейт. Бирок ишин мыйзамдын чегинде  өз алдынча уюштуруп жүргүзөт. Комерциялык банктардан негизги айырмачылык, жарандар менен түздөн түз кредиттик-депозиттик карым-катнаш жок.  Ушул жагынан жарандар тараптан туура эмес ойлор бар. Айрым учурда коомчулукта  «Улуттук банк эмнеге насыя бербейт?»-деген нааразычылыктар  айтылып суроолор дагы келип түшөт. Бирок кабыл алынган мыйзамдын негизинде Улуттук банк акча кредиттик саясатын жүргүзөт. Өлкөнүн экономикалык туруктуулук, баалардын, улуттук валютанын туруктуулугун камсыз кылуу болуп саналат. Экинчиден Улуттук банк банктардын банкы болуп саналат.Бүгүнкү күнү Кыргызстандын аймагында иш алып барган баардык  банктар жана банктык эмес финансылык уюмдар Улуттук банктан лицензия алып, өз ишин жүргүзөт. Бул жерде Улуттук банктын негизги функциясы лицензия алган банк жана финансылык уюмдардын ишмердигин көзөмөлдөө.  Банк финансы системасын туруктуу жөнгө салуу.

Улуттук банк валюта рыногундагы туруктуулукка көзөмөл жүргүзөт

Андан тышкары бирдиктүү валюта саясатын иштеп чыгаруу жана ошону жүргүзүү. Улуттук валютанын туруктуулугун камсыз кылуунун негизинде иштерди жүргүзүү. Буга кошумча төлөм тутуму. Анын иштетин көзөмөлдөө.  Ошондой эле укуктук ченемдик документтерди иштеп чыгуу. Ал Кыргызстандагы банктар жана финансылык уюмдардын ишмердүүлүгүн жогорулатуу жана көзөмөлдөө үчүн колдонулат. Үчүнчүдөн Кыргызстандын Эл аралык резервдери боюнча ишти алып баруу. Улуттук банктын милдети алардын дагы туруктуулугун камсыздоо.

Коомчулукта Улуттук банк насыя берет деген жаңылыштык ойлор дагы бар.   Ошондой эле коммерциялык банктардагы насыялардын пайыздары боюнча дагы маселе көтөрүлөт. Бул жерде Улуттук банк кардарлар менен иш алып барбайт. Бирок насыялардын пайыздык чендерин төмөндөтүү алкагында иштер алып барылат. Мисалы 2017-жылы акча-кредиттик инструменттердин алкагында коммерциялык банктарга  18 млрд сомдон ашык насыя алуу сунушталган. Муну менен Улуттук банк берген каражаттар жарандарга төмөндөтүлгөн пайыз менен  жеткиликтүү кылынсын делген. Ошол насыялардын пайыздык чени 10-12 пайыздан жогору болбошу керек. Бирок бул каражаттар айыл чарба, өндүрүш тармактарына берилиши каралган. Мындан тышкары коммерциялык банктар берип жаткан насыялардын пайыздарына көзөмөл кылууда атайын сүткорлукка каршы мыйзам бар. Ошол мыйзамдын чегинде орточо насыялык чекти санайбыз дагы андан 15 пайыз жогорулабаш керек. Эгерде текшерүү учурунда  белгиленген ченден ашкан болсо, Улуттук банк тараптан айып пул салынат. 2017-жылдын жыйынттыгын карасак, жарандардын соң менен алган насыялардын көрсөткүчү жогорулады.

Башкы банк тараптан насыя берилбейт

Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнөн биринчи болуп улуттук валютаны 1993-жылы кабыл алган. Ошол маалда эгемендүү өлкөнүн көз карандысыз акча-кредиттик саясаты иштелип чыккан. Ал кезде өзгөрүлмөлүү валюта курсу боюнча саясат аныкталган. Убакыт өткөн сайын көп өлкөлөрдүн валюталары арзандап, девальвация болду.  Ошондо валюта курсубуз боюнча аныкталган саясаттын туура экени дагы бир жолу баса белгиленди. Бул саясат эмнени билдирет? Бул көптөгөн факторлорго байланыштуу валюат курсу белгиленбейт. Болгону валюта рыногундагы чет өлкө жана улуттук валютасы суроо-талапка жараша гана  белгиленет. Ар кандай мезгилдик факторлор болушу мүмкүн. Ички экономикалык абал дагы өз таасирин тийгизиши мүмкүн. Бирок кандайдыр бир кескин серпилүү болбошу үчүн, акча-кредиттик инструменттердин негизинде  кийлигишүүгө муктаж болобуз. Мисалы чет өлкө валютасынын сунуштоосу көп болуп кеткенде, биз сатып алуу боюнча интервенция  жасайбыз. Тескерсинче жетишсиз болуп турган убакытта сатуу боюнча интервенцияларды жасап турабыз. Жыл башынан бери бир гана жолу интервенция кылдык.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache