Шашылыш кабар:

Эксперт: Борбор Азиянын далалаты Орусия менен Кытайга жакпайт

Эксперт: Борбор Азиянын далалаты Орусия менен Кытайга жакпайт
Күн Чабыт
0

Казакстандын Астана шаарында 15-мартта Борбордук Азиядагы мамлекеттердин президенттери жыйынга чогулуп, жыйынтыгында биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстандын президенттери жана Түркмөнстандын парламентинин төрагасы катышкан жыйында регионалдык коопсуздук, чек ара, транспорттук коммуникация, суу-энергетикалык ресурстар, тарифтик саясат, соода-экономикалык жана маданий гуманитардык кызматташуу маселелери боюнча талкуу болгон.

Эми ушул эле форматта ар жылы Нооруз майрамынын алдында Борбордук Азия мамлекеттеринин биринде жолугушуп туруу макулдашылып, кийинки жыйын 2019-жылы Ташкент шаарында өтөөрү белгилүү болду. Биз ушул теманын айланасында эл аралык иштер боюнча эксперт Чынара Эсенгул менен маектештик.

Марал: Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин демилгеси менен Борбор Азия лидерлери Астанада жыйынга чогулду. Бул аталган чөлкөмдө гана эмес эл аралык коомчулуктун назарында турат. Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин бул жыйыны коңшулаш өлкөлөргө эмне берет?

Чынара Эсенгул: Биринчиден экономикалык багытка таасир берип, Борбор Азия мамлекеттеринин экономикасынын өсүшүнө түрткү болот. Экономика менен кошо саясий, коопсуздук жаатында кеңешип турганга дагы платформа болуп берет. Албетте тарыхыбыз, маданиятыбыз бир болгондуктан социалдык, гуманитардык жактан дагы эл үчүн пайдалуу иштер жасалат.

Марал: Эң кызыгы бул жыйын биринчи жолу Орусиянын катышуусусуз өтүп жатканы чоң талкууга жол ачты. Казакстандын Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жазганы боюнча казак президенти Нурсултан Назабаев «Борбор Азиядагы өлкөлөр бул аймакка тиешелүү маселелерди үчүнчү тараптардын кийлигишүүсүз чечиши керектигин» айткан экен. Коңшу өлкөнүн мамлекет башчысынын бул сөзү эмнени каңкуулайт?

Чынара Эсенгул: Бул Борбор Азия өлкөлөрүнүн саясий өнүгүшүндө кайсы бир баскычтан өтүп, чыныгы эегемендүү, көз карандысыз мамлекет болуп бара жатканынын белгиси. Ошондуктан геосаясий факторлордон арылып, өзүнчө сүйлөшүп кандайдыр бир чечимдерге келүү жолдорун издеп жатышат.

Марал: Борбор Азия лидерлеринин бул аракетин Орусия менен Кытай кандай кабылдайт болду экен?

Чынара Эсенгул: Албетте расмий түрдө Борбор Азияга таасир эте алышпайт. Анткени бул ички иштерге кийлигишүү катары саналып калат. Бирок ошол эле учурда тышкы саясатта бейформал, кыйыр түрүндө таасир бериши мүмкүн. Анткени бул Кытай менен Орусияга жакпайт. Кайсы гана держава болбосун кайсы бир аймак өз алдынча болушун жактырбайт. Мисалы Борбор Азия өлкөлөрү АКШ жайгашкан аймакта болгондо аларга деле анча жакпайт болчу. Геосаясаттын логикасы ушундай «бөл дагы башкара бер» дейт.

Марал: Эксперттердин баамында Борбор Азиядагы өлкөлөр өз ара кызматташууда эң артта калган чөлкөм деп саналат экен. Эми муз ордунан жылды деген баа берилип жатат. Борбор Азия мамлекеттеринин мындан аркы кызматташуусун сиз кандай көрүп жатасыз?

Чынара Эсенгул: Сиз айтып жаткан эксперттердин пикирине мен дагы кошулам. Бирок кызматташууда артта калганыбыздын объективдүү дагы себептери болду. Ошол эле учурда азыр дагы эч качан кеч эмес. Эми жыл сайын Нооруздун алдында жолугушуп, бири-бири менен акылдашып турушса, коюлган максаттар канчалык ишке ашканын такташып дегендей. Анткени мындай кызматташуу башка чөлкөмдөрдө ийгиликтүү ишке ашкан. Европа биримдигин карасак бизге үлгү болот. Буюрса жакшы жөрөлгө болуп жатат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache