Шашылыш кабар:

Маматалиев: Өкмөттү такшалган адистер менен жаштар чогуу башкарсын

Маматалиев: Өкмөттү такшалган адистер менен жаштар чогуу башкарсын
Күн чекит
0

Кыргызстан «Акылдуу шаар» долбоору боюнча Кытайлык «Huawei Technologies» компаниясы менен келишимди токтотту. Муну өкмөт компаниянын келишимдеги талаптарды аткарбаганы менен түшүндүрдү. Буга чейин Бишкек жылуулук берүү борборунда от казандар жарактан чыгып, кийин бул иштин арты ЖЭБди модернизациялоого кеткен каражатка чейин жетти.

Ушул жагдайлардан улам, коомчулукта кайрадан Сапар Исаков жетектеген өкмөттүн ишине сын айтыла баштады. Эксперттер тараптан азыркы өкмөт отставкага кетет деген кептер дагы чыгууда. Бүгүнкү күндөгү өкмөттүн иши тууралуу «Күн чекит» программасында мурунку вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев  менен маектештик.

-Өкмөт акыркы учурда чоң сыноолорду башынан өткөрүп жатат. Буга акыркы окуяларды мисал катарында айтсак болот. Бул жерде өкмөт өз ишин аткара албай жатат десек болобу?

Биринчиден өкмөттүн жетекчилигине абдан тажрыйбалуу адамдар келиши керек. Баардык баскычтарды басып өткөн, иштин көзүн билүүсү зарыл. Бизге жаңы өкмөт келгенде энергиясы ашып ташкан жаштар келди деп кубанганбыз. Бирок тилекке каршы, бул өкмөт баштаган иштердин бири дагы аягына чыкпай жатат. Ушундай кырдаалда аны көзөмөлдөп, ишке ашырып аягына чыгара турган жетекчилер көрүнбөй турат.  Ал өкмөттүн башынан тартып, курамына чейин болуп жатат. Жакын арада өкмөт башчыдан башка толгон кишиге сөгүш берилди. Муну менен иш жылып же жылбасы белгисиз. Ошондуктан бул жерде жоопкерчиликти кароо керек. Эң биринчи өкмөт башчы өзүнүкүн тактап алуусу керек.

Мындай кырдаалда кандай чечим кабыл алган туура болот?

Эл баарын көрүп турат. Ошол чуулгандуу иштердин баардыгы тилекке каршы, азыркы өкмөт жетекчилигинин ысымы менен байланышып жатат. Мурда мындай чуулгандуу иштердин бири гана элге жеткенде өкмөт эбак отставкага кемек. Экс-премьерлердин кантип кеткенин баарыбыз жакшы билебиз. Ошондуктан өкмөт кетсин же кетпесин деп айтуу кыйын. Мындай кырдаалда ойлонуп көрүп туруп өкмөт башчы өзү жыйынтык чыгарышы керек. Чындыгында бүгүнкү күнү өкмөт лаборотория болуп калды. Анткени көп иштин көзүн жаш жетекчилер билбей жатат. Тажрыйбадан өткөн окуу жок. Анан бул же тигил университетти бүтүп келди деген балдар өкмөт башчыга кандай кеңешин берет!? Кеңеш бериш үчүн алгач аны жасап көрүү керек.  

Өзүңүз белгилегендей ушундай кырдаалдардан улам, буга чейинки өкмөт башчылар кызматтан алынган. Бул маселелерди премьер-министрди жумуштан кетирүү менен чече алабызбы?

Премьер-министрди алып же ордуна калтырабызбы, эгер ушул эле курам ишин мындан ары уланта турган болсо оңолбойт. Анткени жоопкерчиликти сезбей жатышат. Жетекчи деген өзүнүн жоопкерчилигин сезе билиш керек. Өзүн сырттан карап көрүшү керек. Андан кийин гана калгандарын караган жакшы. Же башка тажрыйбалуу адамды алып келип аралаштырыш керек. Ошондуктан аткаруу бийлигинде жаштык менен тажрыйба айкалышы керек. Бул жагынан алыс кетпей эле коңшу мамлекеттерди карайлы…

-Маегиңизге рахмат!

Comments are closed.