Шашылыш кабар:

Өмүрбекова: Токтотулган кылмыш иштерин ачууга коомчулук жардам бериши керек

Өмүрбекова: Токтотулган кылмыш иштерин ачууга коомчулук жардам бериши керек
Күн чекит
0

Коопсуздук кеңешинин отурумунун биринчи жыйынтыктары чыга баштады. Кеңештин чечими менен жалпы 45 иш-чара планга киргизилген. Анын басымдуу бөлүгү мамлекеттик органдардагы коррупцияны жоюуга арналган. Алардын алгачкы жыйынтыктарында жакынкы жылдары козголгон кылмыш иштери тууралуу маалыматтар толук чогултулуп бүттү.

Жакынкы жылдагы козголгон жана токтотулган кылмыш иштеринин бетин ачуу тууралуу Жогорку Кеңештин “Республика-Атажурт” фракциясынын депутаты Алтынай Өмүрбекова “Күн чекит” программасында айтып берди.

-Коопсуздук Кеңеши жакынкы жылдагы козголгон жана токтотулган кылмыш иштери тууралуу маалыматтар жыйналганы айтылды. Ушуну менен кылмыш толук ачыкталабы?

Бүгүнкү күнү көп кылмыш иштер экспертиза жөнөтүлөт ошол боюнча ачыкталбай  токтоп калып жатат. Экспертиза 1-3 жылга чейин жүрө берет. Ошондуктан ар бир ишке дыкат иликтөө жүргүзүү керек. Кылмыш иштеринин токтотулушунун себептерин толук ачыктап чыгуу зарыл. Бул иштердин баары коррупция менен күрөшүүнүнүн алкагында болуп жатпайбы… Андыктан бул жерде бир эле президент, Жогорку Кеңеш же укук коргоо органдарынын кароосунда боло турчу иш эмес. Буга дагы коомчулук өз салымын кошушу керек. Коррупция менен күрөш мамлекеттик кызматтагылардын декларациясын текшерүү дагы туура калам. Анткени көп учурларда мүлктөрүн жакындарына каттатып койгон учурлар болуп жатпайбы… Ошондуктан бул абдан керек. Маселен 1 млн сомго мүлк алып жатсаң, аны кайсы жаткан алганыңды далилдеп берүү тийиш. Бир эле мамлекеттик кызматтагылар эмес. Ар бир жаран ушундай тартипке өтүшү керек. Ошондо гана көмүскөдөгү иштер чыга баштайт.

— Эгер бул иштердин бети ачылса укук коргоо тармагындагы жетекчилердин коррупциялык иштери дагы ачыкталат деп айрым эксперттер айтып жатышат. Коопсуздук кеңеши көзөмөлдү дыкат жүргүзө алабы?

Көзөмөлдү коопсуздук кеңеши албетте жүргүзө албайт. Коррупция менен жапа тырмак күрөшүшүбүз керек. Мына президент ал үчүн саясий эрк бар деп айтып жатат. Парламент биз дагы мыйзамдарга анализ жүргүзүп, мыйзамдык жагын күчөтүп беришибиз керек. Үчүнчүдөн ошол эле укук коргоо органдары өздөрү таза болушу керек. Бирок эң негизгиси соттордун ишиндеги коррупцияны жок кылуу жагын ойлонушубуз керек. Анткени укук коргоо органдары иштин бетин ачып бергени менен баардык иштер соңунда сотторго жетет.

-Жабылып калган иштердин бетин ачууга күч түзүмдөрдүн бүгүнкү күнү дарамети жетеби?

Эми биз, коомчулук талап кылса албетте баардык иш жасалат. Эгер күчү жетпей турган болсо, алардын ордуна башкаларды дайындашыбыз керек. Ошондуктан биринчи кезекте коррупцияга каршы иш жүргүзгөн органдар таза болушу керек.

Маегиңизге рахмат!

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache