Шашылыш кабар:

Курбанова: Жашы жете электе оор жумушта иштегендерден билимдүү, дени сак муун чыкпайт

Курбанова: Жашы жете электе оор жумушта иштегендерден билимдүү, дени сак муун чыкпайт
бизнес клуб
0

 

Жаштайынан оор жумуш жасагандардан келечекте толук билимдүү, дени сак муун чыкпайт. Мындан улам жумуш табууда кыйналып, чет жактарга жумуш издеп кетиши мүмкүн. Мындай пикирин эл аралык эмгек уюмунун программалык координатору Амина Курбанова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Курбанованын Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянып билдиргенине караганда, өлкөдө балдардын 30 пайызга жакыны эрте жашта, өсүп-өнүгүүсүнө тоскоол болгон жумуштарда эмгектенишет. Алардын жалпы саны 490 миңдин тегерегин түзсө, курактары 5-17 жаш аралыгында. Бул көрсөткүч менен Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасында биринчи орунда турат.

«Ошондой болсо да бул маселе өлкөдө көйгөй катары каралбайт. Мындай маселелердин болушу биздин маданияттын бир бөлүгү десек болот. Анткени коомчулук жашы жете электердин эмгегин пайдаланганга көпүп калган. Мындан сырткары калктын экономикалык абалы да жаш балдардын эрте иштешин талап кылат. Себеби айрым үй-бүлөлөр жашы жете электердин жумушу толук кандуу жыйынтык бербешин билсе да, балдарын иштетип, каражат табууга мажбур. Эгер ата-энелер балдарын иштетсе анда алардын билимин, ден соолугун эске алсын,» — дейт Курбанова.

Маалыматка ылайык, эмгек кодексинде өспүрүмдөр 16 жашынан, ал эми 14кө чыккандар ата-энесинин уруксаты менен иштей алары айтылат. Ага чейин тажырыйба топтоо максатында жумасына 12 сааттан ашпаган убакытта айрым жумуштарга жардам берсе болот.

Координатор белгилегендей, пахта терип иштеген өспүрүм күнүнө орточо эсеп менен 9 миң жолу ийилет. Балдардын организми толук жетиле элек болгондуктан алар үчүн күнүнө 9-12 саат иштөө туура эмес. Өспүрүмдөрдүн эмгегин кароодо алардын жашы, жумуштун шарттары, иш сааты жана билим алуусу эске алынат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache