Шашылыш кабар:

Бишкек ЖЭБге 14,5 миң долларлык камера керек беле?

Март 13th, 2018 | by Анара Бакытбекова
Бишкек ЖЭБге 14,5 миң долларлык камера керек беле?
Экономика
0

Жогорку Кеӊеште Бишкек шаарынын Жылуулук-электр борборунда болгон авариянын себептерин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму болду. Андан сөз болуп жаткан 14 миң долларга сатылып алынган видео камера боюнча кызуу талкууланды. Мындан сырткары комиссия «ТВЕА» компаниясы Калыс-Ордо конушунда курган мектепти көрүү үчүн барды.


13-мартта Жогорку Кеңеште убактылуу депутаттык комиссия кезектеги жыйынга чогулду. Анда депутаттар ушул кезге чейин тиешелүү жетекчилердин берген маалыматтары бири-бирине дал келбей жатканына нааразы болуп, сынга алышты.

Ошол эле учурда комиссия Бишкек Жылуулук электр борборуна коюлган 128 камера боюнча маалыматтарды да тактады.

Депутат Сайдулла Нышанов ар бир видео камера 14,5 миң доллар экенин айтып, бул орто эсеп менен он эки эсеге кымбатка түшкөнүн сындады.

Өткөндө жыйында депутат Акылбек Жекшенович видео камералар боюнча маселени көтөрдү. Бул боюнча интернет сайттарына чыгууда. Алтындан болгон видео камеранын бирөөсү азыркы базар баасынан 12 эсе кымбат болуп чыгып жатат. Бул боюнча коомдо суроолор пайда болууда. Биз ЖЭБге сатылып алган ар бир техниканын деталдарына токтолсок, комиссиянын жыйыны көпкө узартылат окшойт.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорун башкаруу тобунун аткаруучу директору Темирлан Биримкулов көзөмөл камералар өзгөчө жана алыстыкты даана көрсөтө турганын белгиледи. Ошого жараша баасы да кымбат экенин түшүндүрдү.

Алынган камералар ЖЭБдин ичиндеги электр энергияны иштеп чыгып жаткан баардык техникаларды көрсөтүп турат. Баардык техникалар дүйнөлүк стандартка туура келет.

Депутат Исхак Масалиев Бишкек ЖЭБи жалаӊ ата-бала, ага-ини, жек-жааттар иштеген энергетикалык үй-бүлөлүк кланга айланып калганын айтып чыкты. Эл өкүлү буга курамы 7 адамдан турган Бишкек ЖЭБин молернизациялоо долбоорун башкаруу тобунда иштеп жаткан ата-бала Биримкуловдорду мисал тартты.

-Мында кызыктай жагдай түзүлүп калыптыр. Ата-бала бир топто иштейт. ЖЭБдин директорунун агасы цехтин башчысы болуп иштейт. Дагы бирөөнүн келини иштейт. Уят эмеспи. Канчалык мыкты адистер болсо дагы кимиси иштер-иштебесин өз ара чечишип алышпайбы.

Андан соң депутаттык комиссия талкууну Кытайдан алынган 2 млн грантка курулган мектепке барып улантты.

Белгилүү болгондой, кытайлык компания берген 2 миллион доллар Калыс-Ордо конушундагы курулган мектепке жетпей калган. Курулушту толук бүтүрүү үчүн Бишкек мэриясы 104 миллион сом бөлүп берген. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуштун жетекчиси Сталбек Өмүрканов билдирди.

Бул жерге 2 кабаттуу 5 корпустан турган мектеп курулду. Мектептин курулушуна Бишкек шаарынын бюджетинен 104 миллион 395 миң сом каржылоо болду. «ТВЕА» компаниясы берген 2 миллион доллар 137 миллион сом болуп калмак. Бүгүн мектептин бүткөн баасы ар бир чарчы метрине карата 462 доллар болду. Бул жерде ичинде бүт жабдыктары бар. Бүгүнкү күндө 2 миң 220 окуучу 2 нөөмөт менен окуйт.

Мектептин курулушунда бир нече себептерден улам, эки курулуш компаниясы алмашып, үчүнчүсү гана бүтүргөн. Алгач «Альта групп» компаниясы келип курулушту баштаган. Аны «ТВЕА» өзү тандаган. Аларга 1 миллион доллар которулган соң мэрия бир нече жолу жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Бирок келишим түзүлгөн соң, курулушту бүтүргөн эмес. Кийин «Глав Строй» деген экинчи компаниянын колуна тийип, ал да жумушту аягына чыгарган эмес. Акырында «Айкөл курулуш» деген компания 266 миллион сомго бүтүрүп берген.

Эл өкүлү Аида Касымалиева жаңы билим берүү имараты менен таанышкан соң көп суроолорго жооп алдым деди. Муну менен депутат мектеп жогорку жана сапаттуу салынганын түшүндүрүп, каражат кайда коротулганына көзү жеткен.

Азыр мектепти көрүп чыктык. Баары сапаттуу салынган. Буга чейин 2 млн доллардын сарпталышы боюнча менде көп суроо бар эле. Жумушту аткарган үчүнчү компания 91 млн сомду жеп кетти дешти эле. Тескерисинче ал компанияга мэрия карыз болуп калыптыр.

Ал эми мектепти курган «Айкөл курулуш» компаниясынын курулушка жумшалган 7 миллион сом акчасын ала албай жатканын айтып, депутаттарга кайрылды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан компаниянын документтери узак текшерүүлөрдөн өтүп жаткандыктан улам Бишкек мэриясынан акча берилбей жатканы белгилүү болду.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache