Шашылыш кабар:

«Айдаркен» сымап комбинатынын иштешине эл кызыктар

Март 13th, 2018 | by Анара Бакытбекова
«Айдаркен» сымап комбинатынын иштешине эл кызыктар
Экономика
0

«Айдаркен» сымап комбинатын иштетип жаткан инвестор компания “Северстайл” тууралуу депутат Закир Шарапов күмөн саноодо. Анын жетекчиси Жогорку Кеңеште кайсы бир бөлүмдүн башчысынын орун басары экенин айткан эле. Андан көп өтпөй эле Айдаркендин тургундары депутаттын айткандарына каршы чыгып, комбинаттын ишине тоскоол болбосун дешти.


Көп жылдан бери токтоп турган «Айдаркен» сымап комбинатынын өндүрүш иши быйыл жанданган. Өткөн жылы июль айында комбинаттын жетекчилиги ата мекендик “Северстайл” компаниясы менен кызматташуу боюнча келишимге кол коюп, иштеп башташкан.

Натыйжада 660 метр тереңдиктеги шахтанын суусу насостор менен тартылып, сырье өндүрүүгө толук шарт түзүлгөн. Андан соң кен казуу жумуштары башталып, жумушчулар кабыл алынып жатканын жергиликтүү бийлик кабарлаган. Учурда шахтадан тартылып алынган суу, жакынкы айылдарга сугат суу үчүн пайдаланууга берилүүдө.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты  Закир Шарапов комбинаты иштетип жаткан жергиликтүү инвестордон күмөн санап жатканын билдирип чыккан. Ал инвестор боюнча өкмөт толук маалымат берүүсүн талап кылды.

Комбинатта жасалып жаткан иштер көз боемочулукка окшоп бара жатат. “Северстайл” компаниясы 2013-жылы Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн экен. Аны уюштуруучулардын бири Чолпон Усубалиева парламенте бир бөлүмдүн жетекчисинин орун басары. Мен өзүбүздүн кишини алыстан издегендей болуп жатамын. Инвестор компания боюнча мага Мүлк фонду маалымат берип койсун.

Аталган комбинаттын геологу Майрамбек Арапов “Северстайл” компаниясы көп жылдан бери иштетилбей жаткан ишкананы жандантканын белгилеп, мыйзамдуу иштеп жатат дейт. Тескерисинче ал депутат комбинатты жаптырып, басып алууну көздөп жатат деген оюн билдирди.

Комбинат жакшы шартта иштеп жатат. Андан чыккан сууну иштетебиз. Бизге эч кандай зыяны жок. Ал лабораториядан текшерилген.

Айдаркенде кен иштетилген аймактын тургундары Бишкекте депутаттын пикирине каршы болуп, маалымат жыйын берди. Алардын айтымында, өндүрүшкө тоскоолдук кылбай, колдоо көрсөтүү зарыл.

Алардын бири Алибай Асановдун айтымында, ишкана жабылса, жаштардын баары жумуш издеп, чет өлкөгө чыгып кетет. Чек арада жашагандыктан, эмгекке жарамдууларды иш менен камсыз кылып алып калуу зарыл дейт.

Депутаттын атасы да ушул эле ишканада көп жыл иштеп, балдарын баккан. Кайра баласы ишине тоскоол болуп, душман болуп чыкты. Бул боюнча президент, премьер-министрге да кайрылабыз.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев “Северстайл” компаниясы мыйзамдуу түрдө келишим түзүп иштеп жатканын кабарлады.

Анын айтымында, инвестор чоң көлөмдөгү чыгымдарды төлөп, жоюлуп кетүү коркунучунда турган ишкананын ишин жандандырды.

-Бул комбинаттан Айдаркен шаарынын калкынын үмүтү чоң. Комбинат канчалык узак убакытка иштебей турса анын жоюлуп кетүү коркунучу жогорулайт. Ошондуктан аймакта сымап өндүрүлүп, элге жумуш орун түзүлүп, бюджетке салык түшкөнү биз үчүн маанилүү.

Белгилей кетсек, аймакта дагы 40 жылга жетчү сымаптын запасы бар. Ошондуктан комбинаттын иштеп кетүүсүнө өзгөчө анын жумушчулары кызыктар.

Учурда сымапка Кытай, Түркия, Орусия, Бразилия мамлекеттеринен суроо талап бар.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache