Шашылыш кабар:

Бейтап: Ала качуудан ушул дартка кабылдым…

Март 13th, 2018 | by Бурулай Шергазиева
Бейтап: Ала качуудан ушул дартка кабылдым…
Ден соолук
0

Саламаттыкты сактоо министрлиги психикалык саламаттыкты сактоо 2018-2030-программасынын үстүндө иштеп жатат. Программанын өзөгүн бир эле министрлик эмес, ар тараптуу ведомстволор менен иш алып баруу түзөт. Ошондой эле, бейтаптарга сапаттуу жардам берүү үчүн адистердин билим деңгээлин көтөрүү да каралат. Тиешелүү программаны бекитүү боюнча токтомго өкмөт башчы 2-мартта кол койгон.


Учурдагы экономикалык-социалдык кырдаалда ар бир адам стресс, орунсуз ойлонуудан катуу психикалык ооруга чалдыгышы мүмкүн экенин адистер эскертишет. Эгерде анын алдын албаса бейтап өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган абалга жетип калаары айтылып эле жүрөт. Мындай психикалык дартка чалдыгып, өз убагында дарыланып, учурда өзү сыяктуу туңгуюкка кирип калгандарга Зарина жардам берет. Ал дагы 18 жашында ала качуудан жашынам деп ооруп калган. Коркуу сезими аны жакындарынан алыстаткан.

18 жашымда жаңы мектепти бүткөн кезим. Ала качабыз дешти. Мен жашынып калдым эле. Ошондон кийин коркуп калдым. Караңгыда коркчумун. Жакындарыман кача берчүмүн. Ошентип психиатрга көрсөтүштү. Дарыландым, азыр жакшымын.

Ал эми атын атагысы келбеген замандашбыздын уулу 20 жашында милициядан көргөн кордуктан кийин психикалык дартка чалдыккан. Башында келини уулун таштап кетип калган. Бирок азыр экинчии турмушу менен балалуу, бактылуу өмүр сүрүп келет. Дарыгерлер ага өз убагында жардам берген.

Уулум 20 жашында милициялардын ур-токмогуна кабылып, ооруп калган. Психикалык оорулуу болуп калды. Башында эч ким түшүнгөн жок. Өзү менен өзү сүйлөшүп, көп сүйлөп калган. Ага келинчеги чыдаган жок. Таштап кетти. Биз 6 жыл дарылаттык. Азыр жакшы. Эки баласы бар. Өзүн-өзү башкарганды билип калды. Уйкусу качып, ооруй баштаганда өзү эле дарыгерге барат. Менин жүрөгүм ооруп кардиологго барсам, ал кадимкидей эле психиатрга барат.

Дарыгерлердин айтымында, коомчулуктун психикалык оорулууларга карата мамилеси аны ого бетер коомдон алыстатып, оорусунун өтүшүп кетишине жол ачат. Айрым учурда стационардык мекемелерде кармоонун шарты да алардын дартын күчөтөөрүн бейтаптар айтышат. Мындан улам өкмөт башчы Сапар Исаков ушул багытты жакшыртуу максатында психикалык саламаттыкты сактоо 2018-2030-программасына тиешелүү токтомго кол койгон. Жаңы программага ылайык, негизги басым бейтаптардын шартын жакшыртууга багытталып, алдын алууга көбүрөөк көңүл бурулат. Программанын артыкчылыктарына Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев төмөндөгүчө токтолду.

Баштапкы медициналык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу, аймактарда психикалык жардам берүүнү жакшыртуу. Ооруну алдын алуу маанилүү.

Бирок коомго кошуу түшүнүгүн жакшыртуу үчүн алгач элдин түшүнүгүн өзгөртүш керектигин Бишкек шаардык психотерапевдик жардам борборунун жетекчиси Кеңешбек Усенов айтат. Анткени аларга кайрылгандардын көпчүлүгү кодулоого кабыларын белгилейт. Ал эмес бейтап өзүндө психикалык жактан өзгөрүүнү байкаганда өзү кайрылбагандыгы терс жыйынтыкка алып келерин айтып берди.

Бизде психиатр десең так секирип качышат. “Мен жинди эмесмин” деп. Бул ооруну айыктырууга болот. Болгону адиске кайрылыш керек. Элдин түшүнүгү таптакыр башка. Болбосо алардын түшүнүгү, мамилеси да бейтапты айыктырууга жардам бериш керек.

Министрликтин маалыматы боюнча, психикалык саламаттыкты жакшыртууга тоскоол болгон дагы бир көйгөй адистердин жоктугу. Анткени жаңы кадрлар акыркы учурда бул адистикти тандабай калды. Ага кошумча эл аралык стандартка ылайык, адистикке даярдоо мөөнөтү да 2 жыл. Бул стандарттан аз дейт Талантбек Батыралиев.

-Бир кызматты өзгөрткөнгө жараша адистеринин сапатын да караш керек. Негизи психиатрларды даярдоо мөөнөтү стандарт боюнча 5-6 жыл. Бирок мурдагы СССРдин курамында болгон өлкөлөрдө 1-2 жыл деген система калыптанып калган. Ал эми ал стандартка туура келбейт. Ошондуктан мен бул адистерди даярдоо мөөнөтүн узартууну сунуштайт элем.

Программанын өзөгү бир эле министрлик менен эмес, ар тараптуу ведомстволор менен иш алып барууда. “Ага социалдык өнүгүүдөн тартып, билим берүү министрлиги да тартылыш керек” дешет эксперттер. Маалыматка ылайык, программанын көпчүлүк бөлүгү бюджеттин эсебинен ишке ашат. Биринчи этабы 242,9 млн сом деп белгиленген.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache