Шашылыш кабар:

Быйыл помидор аянттары кеңейтилет

Быйыл помидор аянттары кеңейтилет
Экономика
0

Кыргызстанда 1-марттан жазгы талаа иштери башталды. Түштүк аймактарда климаттык шартка жараша эгилчү өсүмдүктөрдүн тизмеси бекитилди. Буга чейин кант кызылчанын аянты эки эсе көбөйтүлсө, алдыңкы 2-3 жылда помидор аянтын кеңейтүүгө басым жасалат.

Жыл башынан бери Кыргызстандын ички дүң продукциясы 59 млрд сомдон ашты.  Улуттук статистика комитетинин маалыматында, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ИДП 2,7 пайызга жогорулап, 27 млрд сомду түздү. Анын ичинен өндүрүш продукциясынын көлөмү 5,4 пайызга өстү. Өткөн эки айда өлкөнүн социалдык экономикалык абалы дагы кандай өзгөрдү? Бул боюнча статкомдун экономикалык статистика жана улуттук эсептер баркармалыгынын башчысы Эльвира Исенкулова айтып берди.

ИДПнын курамында эң чоң үлүш кызмат көрсөтүү тармагына туура келет. Жалпы көлөмдө алардын көлөмү 48 пайызды түзгөн. Өнөр жайдын үлүшү 24 пайыз, айыл чарба 8 пайызга жакын жана курулуш төрт пайыздан ашты.   

Ал эми айыл чарбада өткөн жылы өтө чоң өзгөрүүлөр болгон жок. Айдоо аянттары климаттык шартына жараша бөлүштүрүлгөн. Чарбалык категорияны алып карасак, эң чоң үлүшү дыйкан фермерлик чарбаларга туура келет. Жалпы Кыргызстанда өндүрүлгөн продукциянын 60 пайыздан ашыгын ээлеген. Жеке менчик чарбалар 35,3 пайызды түзгөнүн реалдуу сектор статистика башкармалыгынын айыл чарба статистикасы бөлүмүнүн башчысы Эльмира Тургунбаева белгиледи.

2017-жылы айыл чарба өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндө мал чарба продукциясы 45,4 пайызды түзүп, физикалык индекси 102 пайызды түздү. Ал эми өсүмдүк өстүрүүчүлүктө 52,2 пайызды түзүп, анын физикалык индекси 102,5 пайызды камсыздады.

Быйылкы жазгы талаа иштерине өкмөт толук даяр. Учурда күйүүчү май жана үрөн  дыйкандарга жетиштүү берилип жатат. Айдап себүү иштери башталган аймактарды айыл чарба министри Нурбек Мурашев өзү да кыдырууда. Кыргызстандын түштүк аймактарында күйүүчү май дыйкандарга 40 тыйынга чейин төмөндөтүлгөн баа менен берилип жатканын бизге кабарлады. Ошондой эле, өткөн эки жылда кант кызылчанын аянтын эки эсе көбөйткөндөй алдыңкы 2-3 жылда помидордун аянтын кеңейтүү пландалып жатат.  Себеби Ысык-Атада консерва заводу ачылган. Жылына 5 миң га аянттан помидор келишимдин негизинде сатылып алынууда.

Күйүүчү майлар боюнча маселе жок. Бүгүнкү күнү үч ири май куюучу жайлар менен келишимибиз бар. Дыйкандарга бул жайларда арзандатуу бар. Азыр түштүк аймактарды кыдырып жүрөм. Алар майды 40 тыйынга чейин төмөн баа менен сатып алып жатышат.

Ошондой эле, дыйкандарга 10 жылдык мөөнөткө 2 пайыз үстөу менен айыл чарба техникалары лизингге берилет.

Кошумчалай кетсек,  былтыр Кыргыз Өкмөтү “Айыл чарбасын өнүктүрүү – 5” программасынын алкагында дыйкандарга жалпы суммасы 7 млрд сомдук насыя берген. Дыйкандар кайра иштетүү өнөр жайы үчүн 6%, мал чарба, өсүмдүк өстүрүү үчүн 10% үстөк менен насыя алышкан.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache