Шашылыш кабар:

Талапкердин кош жарандыгы жеке маалыматын текшерүү аркылуу аныкталат

Талапкердин кош жарандыгы жеке маалыматын текшерүү аркылуу аныкталат
Күн чекит
0

Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттардын жарандыгын текшерүүнүн жолдорун сунуштады. Кыргызстанда шайлоо же референдум өткөрүүдө алдын ала талапкерлердин кош жарандыгы каралат. Анда талапкерлерден жеке маалыматтарын алуу үчүн атайын арыз жазылат. Ал тартип кандай иштейт жана анын натыйжасы тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бегматов «Күн чекит» программасында айтып берди.

-Сиздердин сунуш боюнча бул тартип кандай ишке ашат?

Кыргызстандын бир канча мамлекеттер менен дипломатиялык мамилеси бар. Чет өлкөдө атайын өкүлчүлүктөрүбүз дагы жайгашкан. Ал аркылуу биздин көпчүлүк жарандар чет өлкөгө барып, иштеп же окуп, айрым учурда ал жактын жарандыгын дагы алып жатат. Кээ бирлери башка өлкөгө барбай туруп алып калгандар дагы болуп калышы мүмкүн экен. Ошондуктан өзгөртүүлөр сунушталып жатат. Биздин мыйзам боюнча кош жарандуулугу бар жаран эч качан президент, Жогорку Кеңештин депутаты же жергиликтүү кеңештин депутаты боло албайт. Бирок аны аткаруу үчүн бизге кошумча нормалардын киргизилиши керек болуп турат. Экинчиден чет өлкөдө жүргөн жарандарыбыздан алар тууралуу маалыматты алуу өтө кыйын. Себеби дипломатиялык байланыш Тышкы иштер министрлиги аркылуу жүргүзүлөт. Эгер мыйзам кирип калган болсо, бул маселелерди чечүүдө рычаг болуп бермек.  

Ушуну менен жогорку кызматта иштегендердин жоопкерчилигин жогорулата алабызбы?

-Тизмеде турган депутаттыкка же президенттикке талапкерди өздөрүнө дагы милдеттүү түрдө жоопкерчилигин алсак болот. Арыз түрүндө сөзсүз түрдө өзү жазып берсин деген. Бүгүнкү күнү ушул норма жок болуп жатат. Административдик, Кылмыш жазык кодексинде дагы каралган эмес. Бул жагынан жоопкерчиликти күчөтүү үчүн сунуштап жатабыз. Ошондуктан  жогорку кызматтагылардын башка мамлекеттин жарандыгы бар же жок экендиги тууралуу жоопкерчиликти өзүнө дагы коюшубуз керек.

-Дал ушундай тартипти киргизүү менен атка минерлердин кош жарандыгы бар же жок экенин толук аныктоого болобу?

Ушундай жагдайлар болбошу үчүн алдын алуу максатында ушул нормаларды карап жатабыз. Менин оюмча бул ченемдердин киргизилиши кош жарандыгы бар жарандарды биздин тийиштүү органдардын тартипке салуусуна чоң ишенич бар.

Маегиңизге рахмат!

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache