Шашылыш кабар:

Үч облуста жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо дайындалды

Март 13th, 2018 | by Субанбек Исмакеев
Үч облуста жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо дайындалды
Кыска кабар
0

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо дайындалды. Бул боюнча Жарлыкка Президент Сооронбай Жээнбеков 13-мартта кол койду.

Жарлыкка ылайык, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешине,  Токтогул шаардык кеңешине, Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңешине, Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо 2018-жылдын 13-майына, жекшемби күнгө дайындалды.

Ал эми Борбордук комиссиясына жогоруда аталган жергиликтүү кеңештерге шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылды.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache