Шашылыш кабар:

Мектеп окуучуларынын жазгы каникулу 21-мартта башталат

Март 13th, 2018 | by Субанбек Исмакеев
Мектеп окуучуларынын жазгы каникулу 21-мартта башталат
Кыска кабар
0

Беш күндүк окуу жумалыгы менен билим берген мектептерде жазгы каникул 21-марттан 30-мартка чейин уланып, он күндү түзөт. Ал эми алты күндүк окуу жумалыгы менен билим берген мектептердин окуучулары 21-марттан 25-мартка чейин уланып, 5 күн болот. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, беш күндүк окуу жумалыгы менен билим берген мектептер окуу-тарбия берүү иштери үчүнчү чейректе ишемби күндөрдүн эсебинен узартылат. Ал эми алты күн сабак берген мектептердеги окутуу 26-30-марттагы жана 25-39-май күндөрүндөгү окуунун эсебинен узартылат.

Окутуунун узартылышы 26-январь 3-февралдагы суукка байланыштуу токтогон сабактарды толуктоо байланыштуу каралган.

Ал эми акыркы коңгуроо салтанаты жылдагындай эле 25-майда өтөт.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache