Шашылыш кабар:

Алтын өндүрүүчүлөрдүн өлкө экономикасына кошкон салымы талкууланат

Март 13th, 2018 | by Субанбек Исмакеев
Алтын өндүрүүчүлөрдүн өлкө экономикасына кошкон салымы талкууланат
Кыска кабар
0

Бишкекте 14-мартта “Алтын өндүрүшүнүн Кыргызстандын экономикасына кошкон жалпы салымы жана ага учурдагы фискалдык демилгелердин таасири” деген темадагы изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча тегерек стол жыйыны уюштурулат. Анда алтын өндүрүүчү компаниялардын өлкө экономикасына кошкон салымы, бул тармакка Өкмөт менен Жогорку Кеңеш көтөргөн фискалдык демилгелердин таасири талкууланат.

Анда бул маселелер боюнча суроолорго тоо кен өндүрүш тармагына Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу изилдөө жүргүзгөн авторлор жооп бермекчи. Талкуунун жыйынтыгы менен өлкөнүн тоо кен тармагындагы ишкер чөйрөнүн шартын жакшыртуу боюнча биргелешкен сунуштама кабыл алуу пландалып жатат.

Эске салсак, тегерек стол жыйынын Эл аралык ишкер кеңеши менен Өнөр жай, энергетика жана кен казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети биргелешип уюштурууда.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache