Шашылыш кабар:

Тамаша айылы: авариялык абалдагы мектеп бала бакча болуп кала жаздаган

Тамаша айылы: авариялык абалдагы мектеп бала бакча болуп кала жаздаган
Айылдан сүйлөйбүз
0

«Марал» радиосунун «Айылдан сүйлөйбүз» программасынын бул жолку чыгарылышында Кадамжай районунун Көтөрмө айыл өкмөтүнө караштуу Тамаша айылынын көйгөйлүү маселелери талкууланды. Уктурууну Түмөнбай Абдинаби уулу алып барды.

Маалыматка ылайык, аталган айылда эскилиги жеткен мектеп авариялык абалда болгонуна байланыштуу ӨКМ тарабынан колдонууга тыюу салган. Бүгүнкү күндө окуучулар 1984-жылы курулган окуу жайда билим алып келишет. Айыл өкмөтү авариялык абалдагы мектепти оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, бала бакчага айлынтуу демилгесин көтөрүп чыккан. Жергиликтүү калк ал үчүн эл аралык донорлордон акча алынып, максатсыз пайдаланып кеткенин айтат. Мындан сырткары, таза суу көйгөйү да бар. Айылдын ушул жана башка маселелерин аймак жашоочуларынан билип көрдүк.

Тамаша айылынын мектебинин директору Сайдулла Исманов:

— Авариялык абалдагы мектеп 1940-жылдары курулган. Эскилиги жетип, колдонууга жараксыз болуп калгандыктан окуучулар он жылдан бери 1984-жылы курулган имаратта эки смена билим алып келишет. Авариялык абалдагы мектепти ондоп-түзөп, бала бакчага айлантуу демилгеси көтөрүлгөн. Айылдык кеңештин депутаттары ага каршы чыгып, иштер токтотулган. Биздин айылда төрт жүзгө жакын окуучу бар. Ал эми азыркы окуп жаткан мектеп 192 окуучуга ылайыкташкан. Аймакта 700 кожолук жашайт. Бала бакчабыз жок болгондуктан балдар көп нерсени аңдап билүүдөн кеч калууда. Чоң ата, чоң энелердин колунда тарбияланган мигранттардын балдары да көп.

Тамаша айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты Кубаныч Момбаев:

— Авариялык абалдагы мектепти ремонт кылып башташты. Көрсө айыл өкмөтү эски имаратты убактылуу болсо дагы бала бакчага айлынтып туруу максатында оңдотуп жаткан экен. “ӨКМ колдонууга тыюу салган, жыгачтары чириген имаратка кантип жаш балдарыбызды жиберебиз” деп айылдык кеңештин депутаттары курулуш иштерине каршы чыкканбыз. Район акими келип, эл менен жолугушканда имараттын абалын текшерүүгө тийиштүү эксперттерди жөнөтөөрүн убадалаган. Андан кийин акимди да, эксперттерди да көргөн жокпуз. Айыл өкмөтү менен Тамашанын ортосу 15 километр алыстыкта. Бул жерде 700 миң эмес миллиондогон сом колдонулган. Ачык бюджеттен бала бакчага деп 3 миллион сомдун тегерегиндеги каражат которулган. Мындай ири көлөмөгү акчага жаңы имарат салууга да болмок. Бул боюнча айыл өкмөтүнө эскертүү берилүүсүн талап кылганбыз.

Мындан сырткары, суу маселеси бала бакчадан да көйгөйлүү. 1990-жылдары орнотулган суу түтүктөрү толук иштебейт. Ошол маалда 80 түтүк болсо, азыр анын жыйырмасы гана иштейт. Суу түтүктөрүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп бергиле деп көп жерлерге кайрылдык. Ичкен суу санитардык талаптарга жооп бербейт. Себеби көлчөнүн үстү ачык, аны көргөн киши ал суудан ичкиси да келбейт. Балдар арасында оорулар көбөйсө да санитардык көзөмөл кызматынан келип текшерген, элдин ал-абалын сураган киши жок.

Кадамжай районунун акими Жаныбек Исаков:

— Тамаша айылында эски мектеп көп жылдан бери колдонуусуз тургандыктан айыл өкмөтү имаратты ондоп-түзөөдөн өткөрүү максатында бейөкмөт уюмдарга кат жазган экен. Бирок айыл өкмөтү аталган имарат авариялык абалда экенинен кабары жок болгон. Мектеп ӨКМ тарабынан колдонууга тыюу салынганын билгенден кийин оңдоо иштерин токтотконбуз. Ага бюджеттен эч кандай каражат бөлүнгөн эмес.

Калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев:

— Тамаша айылы 2012-жылдын планында Азия өнүктүрүү банкы аркылуу таза суу менен камсыздалмак. Бирок долбоордо көп катачылык кеткендиктен аталган банк иштерди токтотуп койгон. Ошого карабастан Баткен облусу боюнча 61 айылды камтыган чоң долбоорду даярдап, Ислам өнүктүрүү банкына бергенбиз. Бүгүнкү күндө атайын кеңеш карап жатат. Тамаша айылы да долбоорго киргизилген. Жакында “АРИС” уюмунун мүчөлөрү да барып, тактап келди. Быйылкы жылдын сентябрь айына чейин иш кагаздарын бүтүрүшүбүз керек. Кийинки жылдын күз айларына курулуш иштери бүтүп калат. Бул иштерди аткарууда калктан акча жыйналбайт. Ар бир үйдүн короосуна таза суу киргизилет.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache