Шашылыш кабар:

Быйыл Бишкектин борбордук көчөлөрү оңдолот

Март 13th, 2018 | by Бурулай Шергазиева
Быйыл Бишкектин борбордук көчөлөрү оңдолот
Коом
0

Быйыл Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы 100 чакырымдан ашык аралыкты камтыган 59 көчөнү жасайт. Анын ичинде борбордук көчөлөр каралган. Ал эми “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы 42 көчөнү жасоону пландаштырууда. Ал 695 млн сомду чапчыйт.


Бул жылы Бишкекте көчөлөр комплекстүү оңдоодон өткөрүлөт. Жолдорду оңдоп-түзөөдөн баштап, жашылдандырууга чейин камтылат. Бул туурасында маалымат жыйынында Бишкек шаарынын вице-мэри Эркинбек Исаков билдирди. Капиталдык курулуш башкармалыгы гранттын негизинде 36 көчөнү оңдоп, аягына чыгарат. Ошондой эле, 38 км аралыктагы 23 көчө оңдолот. Бул туурасында капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Нурлан Эшенбаев билдирди.

Гранттын эсебинен былтыркы 49 көчөнүн ичинен 36 көчөсү бүткөрүлөт. Башка келишимдин негизинде 23 көчөнүн ичинен 15 көчө бүткөрүлөт. Ошондо жалпылап алганда 100 км ашык көчө жасалат.

Маалым болгондой, шаар тургундары буга чейин борбордогу көчөлөр бир кыштан чыкпай жатып тамтыгы чыкты деп нааразычылыгын билдирип келишкен. Социалдык тармактарда бузулган жолдорду сүрөтүн жарыялап, билдирүү жазгандар четтен чыгат. Шаар тургундарынын мындай нааразычылыгына “Бишкекасфальтсервис “ муниципалдык ишканасынын жетекчиси Мирлан Амантуров төмөндөгүчө жооп берди.

Былтыркы бүткөрүлгөн 44 көчөнүн 0,2% техникалык талапка жооп бербей калды. Бул ошол эл нааразы болуп жаткан жерлер. Бирок аны ишти аткарган компания 1-июнга чейин бүткөрүп бериш керек. Ал эми быйылкы планга 42 көчө кирген. Бирок бюджеттен карала элек.

Тургундарды тынчсызданткан дагы бир орчундуу көйгөй бактардын кыйылышы.

Эске салсак, өткөн жылы айрым көчөлөрдү кеңейтүү максатында кыйылган бактардын тагдыры шаардыктарды кайдыгер калтырган эмес. Мындан улам шаардык муниципалитетке эң көп берилген суроолордун дагы бири “быйыл канча бак кыйылып, канчасы отургузулат” деген суроо. Буга “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынын башкы агроному Элнура Жолдошева жыл башынан бери өткөн 500 бак тигилгенин айтты.

Жыл башынан бери 500 даана бак тигилди. Профсоюз көчөсүндө, Рысмендиев көчөсүндө, Көлбаев көчөсүндө тигилди. Эки айдын ичинде ушул көчөлөргө тиктик.

Эске салсак, өткөн 2017-жылы 2938 бак кыйылган. Анын ичинен 840 бак авариялык абалда болгон. Ал жолду реконструкциялоо максатында 2098 бак кыйылып, алардын ордуна 10 миң 208 бак отургузулган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache