Шашылыш кабар:

Бишкекте жөө адамдардын коопсуздугун камсыздоо талкууланат

Март 13th, 2018 | by Субанбек Исмакеев
Бишкекте жөө адамдардын коопсуздугун камсыздоо талкууланат
Кыска кабар
0

Бишкек шаарында жол кырсыктарынын 40% жөө адамдар туш болот. Андыктан жол кыймылынын коопсуздугунун эң маанилүү бөлүгү жөө адамдардын коопсуздугун камсыздоо болуп саналат.

Ушул багытта талкуу жүргүзүү үчүн 15-мартта Бишкекте жөө адамдардын жол коопсуздугуна арналган конференция уюштурулат.

Анда биринчи жолу борбор калаада жөө адамдар туш болгон жол транспорт кырсыктарынын интерактивдүү картасы көрсөтүлөт.

Уюштуруучулар билдиргендей, конференцияга Бишкек шаарындагы жол кырсыгы көп болгон кооптуу тилкелердин жашоочулары, бизнес тармактын өкүлдөрү, Улуу Британиядан келген эксперттер, эл аралык уюмдардын, Бишкек мэриясынын, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Кошумчалай кетсек, конференция алдында 14-март күнү “Жөө адамдардын коопсуздугу боюнча инженердик чечимдер” темасында семинар уюштурулат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache