Шашылыш кабар:

Ош шаарынын быйылкы бюджети 940 млн сом өлчөмүндө бекитилди

Март 13th, 2018 | by Субанбек Исмакеев
Ош шаарынын быйылкы бюджети 940 млн сом өлчөмүндө бекитилди
Кыска кабар
0

Ош шаарынын депутаттары 2018-жылдын жергиликтүү бюджетин кабыл алышты. Анда бюджет 940 млн 186,0 миң сом өлчөмүндө аныкталып, 105 271,9 миң сомго көбөйүү менен сунушталды. Ал эми бюджеттин чыгашалар бөлүгү 940 млн 186,0 миң сом өлчөмүндө белгиленип, 2017-жылга салыштырмалуу 105 млн 271,9 миң сомго көп каралууда. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта Ош шаардык кеңешинин сессиясында белгилүү болду.

Сессиянын күн тартибине 11 маселе коюлуп, кеңири талкууланды.

Түшкө чейин депутаттар Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин 2017-жылдын жыйынтыгы, Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жыйынтык маалыматын угуп жактырышкан.

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache