Шашылыш кабар:

БТА Банктын 7,7% акциясы 177,6 млн сомго сатылды

Март 13th, 2018 | by Субанбек Исмакеев
БТА Банктын 7,7% акциясы 177,6 млн сомго сатылды
Кыска кабар
0

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун карамагындагы «БТА Банк» жабык акционердик коомунун 7,7% акциясын сатуу боюнча бүтүм ишке ашырылды. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, ушул жылдын март айында Кыргыз Республикасы менен Казакстандык “БТА Банк” Ачык акционердик коомунун ортосундагы тынчтык макулдашуусу түзүлүп, эл аралык арбитраждык талаш-тартышты жөнгө салуу жана «БТА Банк» жабык акционердик коомунун 7,7092 % мамлекеттик үлүшүн сатуу тууралуу келишимге кол коюлган.

Анын шартына ылайык, “БТА Банк” Ачык акционердик коомунан Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун эсебине 177 млн 620 миң сом келип түшкөн. Эми ал каражат толугу менен республикалык бюджетке которулат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache