Шашылыш кабар:

Саясатчылар ээлик кылган телеканалдар көбөйдү

Саясатчылар ээлик кылган телеканалдар көбөйдү
Саясат
0

Кыргызстандын медиа айдыңында жакынкы күндөрү жаңы телеканалдар ишин баштаганы турат. Жеке менчик каналдар көбүн эсе маалыматка басым жасайт. Ушундан улам деги эле жеке менчик жалпыга маалымдоо каражаттары өзүн актайбы, аларды негиздөөчүлөрдүн максаты кандай деген суроо көтөрүлдү.

Ош облусунда түптөлгөн «Ош Пирим» телеканалы 19-марттан баштап «Prime» деген ат менен эфирге чыкканы калды. Каналдын башкы офиси Бишкекке көчүп, жаңы долбоорлор даярдалып жаткан экен. Мурдагы «Ош Пирим» азыркы «Prime» каналынын жетекчиси Назира Ахмедова канал маалыматтык, көңүл ачуучу багытта иш алып барып, кыргыздын нарк-насили тууралуу программалар эфирге чыгаарын айтып берди.

«Prime» Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынан депутат Улан Примовдуку экени айтылып келет. Назира Ахмедова каналды депутаттын атасы түптөгөнүн жана ага эл өкүлү Примов кийлигишпейт деп ишендирди.

— Эми ээси (каналдын) Улан Примов деп айтууга болбойт. Ал Жогорку Кеңештин депутаты жана өз иши менен алек. Улан Примовдун меценат болуп жүргөн Бердибай Примов деген атасы бар. Ал идея көтөрүп, түптөп чыгарган. Биздин редакциялык саясатка киришет, көзөмөлдөйт деген сөз жок. Бизге «балдар иштегиле» деп шарт гана түзүп беришти.

Ал арада апрель айында медиа чөйрөгө «Апрель» деген ат менен дагы бир канал кошулганы турат. Аталган телеканалдын логотиби жарыяланып, жарнактары дагы көчөлөргө илине баштады. Ал ушул жылдын башында «ON1» каналынын базасында түзүлгөн. Аны «Бешинчи каналдын» мурдагы шеф-редактору Дмитрий Ложников жетектейт. Ложников менен бирге «Бешинчи каналдын» бир топ кызматкерлери «Апрель» каналына өткөн.

Жаңы телеканалдын ээси экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жакындары экенин буга чейин маалымат каражаттары жазып чыгышкан. Канал КСДП партиясынын кеңсеси «Форум» имаратында жайгашкан. Техникалары «Апрелге» өткөн «ON1» каналынын ээси Каныбек Туманбаев аттуу жаран. Ал КСДП партиясында 66-тизмеде турат. Туманбаев 2015-жылы Социал-демократтар партиясы менен парламенттик шайлоого катышкан.

Кыргызстанда жеке менчик жалпыга маалымдоо каражаттарынын саны күн санап көбөйүп баратат. Медиа эксперт Алмас Турдумаматов менчик маалымат каражаттарынын максаты тууралуу пикири менен бөлүштү.

— Телеканалдарды саясатчылар же башка адамдар кандай максатта негиздеп жатат. Көпчүлүк учурда алар бизнес долбоор катары негизделбейт. Эмнеге дегенде Кыргызстанда жарнамалык пайыздын төмөндүгү, акчанын аздыгы телеканалдардын өзүн-өзү каржылоосуна жетпейт. Ошон үчүн көбүнчө дотацияда отурат. Андыктан бир гана телеканалдар гана эмес, бардык ММКлар коомдук пикирге таасир этүү максатында түзүлөт. Демек кандайдыр бир саясий же маалыматтык курал болушу толук мүмкүн. Болбосо эмнеге түзүп жатат?

Турдумаматов Кыргызстанда маалыматтык багыттагы телеканалдар жетишсиз деп эсептейт. Ал «эл башка өлкөлөрдүн маалыматы менен сугарылып жаткан учурда жергиликтүү каналдардын көбөйүшү жакшы жышаан», — деген ойдо.

Өлкө санариптип берүүгө өткөндөн кийин менчик каналдардын дагы саны өскөн. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат катчысы Жийде Зоотбекова учурда канча канал иштеп жатканы боюнча төмөнкү маалыматтарды берди.

— Болжол менен санарипке кошулган 52 телеканалдар бар. Алардын көбү жеке каналдар болуп эсептелет. Ал эми мамлекетке караштуу 10дон ашык канал бар.

Кыргызстанда саясатчылар, ишкерлер ээлик кылган каналдар көп экени айтылып келет. НТС каналы «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабановго таандык экени, экс-депутат Равшан Жээнбеков «Next TV» каналына, ал эми мурдагы спикер Акматбек Келдибеков «Нур ТВ» каналына кожоюн экени айтылып жүрөт.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache