Шашылыш кабар:

Непалда президенттик шайлоо өтүп жатат

Непалда президенттик шайлоо өтүп жатат
Дүйнө кабарлары
0

Непалда президенттик шайлоо өтүп жатат.  Бул тууралуу жергиликтүү Kathmandu Post басылмасы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жалпысынан добуш берүүгө 334 парламент өкүлү, 275 эл өкүлдөр палатасынын мүчөсү жана  Улуттук ассамблеянын 59 мүчөсү катышат. Андан тышкары жергиликтүү кеңештердин 550 мүчөсү өз добуштарын берүүгө укуктуу. Шайлоонун жыйынтыгы 14- мартта белгилүү болоору маалымдалды.

Бул жолу президенттик шайлоого учурдагы президент Бидхья Деви Бхандари- марксистс-лениндик Коммунистик партиясынын лидери жана Кумари Лакшми Раи- «Непал конгресси» партиясынын өкүлү ат сылышууда. Жергиликтүү эксперттер Бхандаринин экинчи мөөнөткө шайланаарын божомолдоп жатышат.

Кошумчалай кетсек, Непалдын президенти мамлекеттин расмий өкүлүнүн гана ролун аткарат жана куралдуу күчтөрдүн башкы кол башчысы саналат. Ал эми чыныгы бийлик өкмөт башчынын колуна топтолгон.

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache