Шашылыш кабар:

Жапон премьер-министри Түштүк Корея президентинин атайын өкүлүн кабыл алды

Жапон премьер-министри Түштүк Корея президентинин атайын өкүлүн кабыл алды
Дүйнө кабарлары
0

Жапон премьер-министри Синдзо Абэ Түштүк Корея президентинин атайын өкүлүн кабыл алды.

Жолугууда тараптар Түндүк Корея менен АКШ саммитин өткөрүү жана бул иште Жапон мамлекетинин колдоосу тууралуу пикир алмашышты. Өкүлдүн айтымында, Корей жарым аралында орноп жаткан тынчтык туура багытта өрчүүсүн камсыз кылууда Жапон мамлекети менен Түштүк Кореянын тыгыз кызматташуусу маанилүү.

Жапон өкмөтүнүн башчысы Сеулдун Корей жарым аралын куралсыздандырууга багытталган аракетин жогору бааларын билдирип, АКШ, Корей Республикасы жана Жапон мамлекети бул багытта тыгыз кызматташуусу зарылдыгын кошумчалады.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache