Шашылыш кабар:

Депутат: ЖЭБге орнотулган 128 камера 1 млн 800 миң долларга алынган

Депутат: ЖЭБге орнотулган 128 камера 1 млн 800 миң долларга алынган
Кыска кабар
0

Бишкек жылуулук борборуна курулган жаңы блокко орнотулган камералар 14 000 АКШ долларга алынган. Мындай камерадан 128 даана алынганын ага жалпысынан 1 млн 800 миң АКШ доллары коротулганын Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов айтты. Ал өз сөзүндө камералар жылуулук борборун модернизациялоодо эң аз каражат сарпталган бөлүм экенин кошумчалаган. Эл өкүлүнүн белгилешинче, орнотулган камералардын эч кандай артыкчылыгы жок.

Кошумчалай кетсек, Бишкектеги жылуулук борбор модернизациядан өтүп, 2017-жылы колдонууга берилген. Ага жалпысынан 386 млн АКШ доллар өлчөмүндө каражат жумшалган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache