Шашылыш кабар:

Өзгөндө 13 адам тамактан ууланып, ооруканага түштү

Өзгөндө 13 адам тамактан ууланып, ооруканага түштү
Кыска кабар
0

Өзгөн райондук аймактык оорукананын жетекчисинин орун басары Нуржамал Арыкованын  билдиришинче, 13-мартка караган түнү он киши ооруканага келип түшкөн. Алар тамактан ууланганы аныкталды.

Маалыматка ылайык, тамакка уулангандардын арасында беш, сегиз жана он үч жаштагы 3 бала бар. Мындан сырткары, үч киши тамактан ууланып, 13-март күнү эртең менен келишкен. Учурда алардын кандай тамактан ууланганы такталып жатат.

Өткөн айда Кара-Суу районунда тамакка ууланып, он эки киши ооруканага түшкөн. Көп өтпөй, эки наристе көз жумган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache