Шашылыш кабар:

Мэй Маск: Дүйнөнү өзгөртүүнү көздөгөн ишкерди тарбиялаган апа

Март 13th, 2018 | by Орозгүл Арстанова
Мэй Маск: Дүйнөнү өзгөртүүнү көздөгөн ишкерди тарбиялаган апа
Майда бирок маанилүү
0

Мэй Маск учурда 68 жашта. Бирок ага карабастан дүйнөдөгү суроо-талап жогору болгон моделдердин бири. Ал Clinique жана Revlon сыяктуу белгилүү бренддердин жүзү. Мындан сырткары, Мэй Маск —белгилүү диетолог жана туура тамактануу боюнча лекцияларды өтүп,  Feel Fantastic аттуу китептин да автору. Ошондой эле Мэй үч баланын энеси жана он неберенин чоң апасы. Мэй Масктын кичүү уулу  Кимбал The Kitchen аттуу ресторандар тармагынын ээси. Кызы Тоска — Голливудда режиссер жана продюсер. Ал эми экинчи уулу Илон Маск болсо бүтүндөй планетага белгилүү ишкерлердин бири. Төмөндө дүйнөдөгү эң белгилүү ишкерди тарбиялап чоңойткон эне жана анын басып өткөн жолу тууралуу баяндалат.

Бир убакта беш жумушта иштөө

Мэй моделдик карьерасын 15 жашында баштаган. Ошондон бери тынбай иштеп келет. Ал моделдерге карата билимсиз деген стереотипти жоюу үчүн абдан жакшы окууга аракет кылганын айтат. Мэй ар дайым жанында китеп алып жүрүп, китеп окууну адатка айланткан. Жадагалса велосипедде баратып же машыгуу учурунда да китеп окууга аракет кылган.

1989-жылы ал балдары менен Түштүк Африка өлкөсүнөн Канадага көчүп келген. Үй-бүлөсүн багуу үчүн бир учурда беш жумушта иштеген. Ал балдарын акысыз окутуу үчүн Торонто университетине жумушка орношкон. Университетте моделдик курстарды акысыз окутуп, туура тамактануу боюнча мастер-класс, лекцияларды өтүп турган. Ошондой эле диетолог болуп да иштеген. Мэйдин балдары да ал кезде жөн отурган эмес. Кызы Тоска мектептен чыгып, магазинде иштеген. Илонду болсо апасы Microsoft компаниясында жолдошу иштеген коллегасынын жардамы менен, аталган компанияга ишке орноштурган. “Мен алгачкы маянамды алганда, үйүбүзгө килем сатып алганбыз. Анткени полго салганга да эч нерсебиз жок болчу. Экинчи маянама болсо Илонго компьютер сатып алганбыз. Ал ошону менен полдо отуруп алып иштечү”-деп эскерет Мэй Маск.

Балдарды тарбиялоонун сыры

«Менин балдарым, мени өтө тынчыбай эмгектенген адам катары таанышат. Өздөрү да ошондуктан эмгекчил”-дейт Маск. Ал эч убакта балдарына “тигиндей бол, мындай бол”-деп айткан эмес. Бирок, аларга өзү үлгү болгонго аракет кылып, ийгиликке жетүүчү жол кыйынчылыктар менен коштолорун эскертип турган. Ошол эле учурда, Мэй балдарынын ийгилигин өзүнүн эмгеги деп санабайт. “Мен эч качан балдарга жардам берген эмесмин. Алар өз карьерасына өздөрү жетишти. Мен болгону өтө көп иштедим”-деген Маск.

1995-жылы бир туугандар Илон менен Кимбал Zip2 софтвердик компаниясын ачышкан. Мэй балдарынын ийгиликтүү ишкер болушун колдоп, аларды “Кремний өрөөнүнө” жиберген.  Ошентсе да, ал ар алты жума сайын келип, балдарынан кабар алып турган. Андан сырткары аларга бизнес-план түзүүгө да көмөктөшкөн.

“Бир жолу балдарыма кошулуп инвесторлорго түнкү саат 02:00ге чейин презентация жасадык. Ошондой аябай катуу чарчап чыккандыктан Пало-Альтодогу эң кымбат ресторанга барып тамактандык. Ошондо “Мен силердин кечки тамагынар үчүн акыркы ирет акча төлөп жатам”-деп айттым. Чындыгында эле ошондон бери мен балдарымдын тамагы үчүн эч качан акча чыгара элекмин”-деп эскерет Мэй Маск.

Инвестор-апа

1996-жылы Мэй Маск өзүнүн топтогон $10 000 акчасын балдарынын Zip2 компаниясына салат. 1999-жылы аталган компанияны Compaq  $307 млн акчага сатып алат. Илан ошол жерден эле 22 млн доллар акча табат. Мэй азыркыга чейин, бул ишти өмүрүндөгү эң жакшы инвестиция деп айтып келет.

Маск айымдын балдары чындыгында эле көп нерсеге жетишкен. Кичүү уулу Кимбал The Kitchen деп аталган сегиз ири ресторанды башкарат жана  Tesla Motors, SpaceX, Chipotle Mexican Grill компанияларынын директорлор кеңешинин мүчөсү. Ал «Үйрөтүүчү бакчалар» Learning Gardens долбоорун АКШнын 200 мектебинде ишке ашырган. Аталган бакчаларда жарды жашаган үй-бүлөлөрдүн балдары өздөрү мөмө-жемиштерди, жашылчаларды өстүрүп карап, үйлөрүнө алып кетишет. Кызы Тоска болсо азыркы тапта кино тартуу менен алек. Ал эми Илон Маск болсо, ийгиликтүү ишкер, инженер, ойлоп табуучу жана миллиардер.  Космоско ракета учуруучу жеке сектордогу SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү.

Мэй Маск технология ааламында революция жасап жаткан уулу тууралуу мындай эскерет: “Мен ботаник болчумун. А уулум Илон болсо суперботаник. Мен бир жолу ага математика боюнча классымда менден башка эч ким кыйын билчү эмес десем, ал каткырып, “а мен математиканы сизден да кыйын билем да, апа”-деди. Мен балдарымдын эмгекчил болуусун каалачумун. Анткени тынымсыз эмгек адамды бактылуу кылып, карыганга да убак арттырбайт”.

“Мен 50 жашка чыкканда, менин балдарымда мага кымбат белек бере тургандай акчасы жок эле. Алар мага белектин ордуна кичинекей оюнчук үй жана оюнчук унаа беришип, бир күн келип сизде бул оюнчук эмес, чыныгы үй менен машина болот дешкен. Албетте, балдарым бул сөзүндө турушту”-деп кошумчалайт Мэй.

Ошондой эле ал уулу Илон тууралуу: “Илонду яхта же башка кымбат нерселер кызыктырбайт. Себеби ал кыйынчылык жашоону көргөн бала. Анын максаты физика илимин бар күчү менен колдонуп, бул дүйнөдөгү жашоону жеңилдетүүнү көздөйт. Ал тууралуу элдер “ага акча керек, ошого иштеп жатат”-дешкен капа болуп кетем. Илон үчүн эч убакта акча маанилүү болгон эмес. Ал болгону өзүнүн идеяларын ишке ашырууга баш-оту менен берилген”-деп маек берген.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache